Клипмейкер жана кинорежиссёр Мырза жакында азыркы күндөгү орчундуу маселелердин бири – адамдарды кулчулукка сатуу жөнүндө жаңы фильм тартып бүттү. Азырынча фильмге ат коюла элек. Тасма жаз айларына чейин толугу менен монтаждалып, кинотармактагы мыкты адистердин сынагынан өтмөкчү. Анан келаткан жылдын жай мезгилинде шаарбыздын кинотеатрларында жалпы көрүүчүлөргө тартууланат. Белгилей кетүүчү нерсе, Мырза буга чейин тарткан клиптерин «M&B STUDIO» деп белгилеп жүрсө, эми ал белгисин «AIDAR prodaction» деп өзгөрттү. Буюрса, «AIDAR prodaction» кеңири профилде иш алып барат. Тактап айтканда, жарнама тармагында аудио жана видео продукцияларын, клиптерин жаратуу менен бирге Кыргызстандын кино тармагында да татыктуу ордун ээлегенге аракет кылат.