Тилеген ийгилигине жетишкен Сүйүнтай Парманкулова сиздердин алдыңыздарда. Эки жуманын ичинде 6 килограммга арыктаган Сүйүнтай Ассоль Молдокматовага ыраазычылыгын билдирип жаткан кези. Маек учурунда Сүйүнтай жеке гана сырткы келбетинин өзгөрүлгөнү гана эмес, жашоого болгон көз карашы да башка нукка бурулганын айтып берди. Өзүн жаңыдан төрөлгөндөй сезип жаткан каарманыбыз Ассоль көрсөткөн жол менен эми жаңы жашоо баштады. Сиздер байкап тургандай, аз убакыт ичинде таанылгыс болуп чыга келген Сүйүнтайдын кубанычы коюнуна батпай, биз менен сыр бөлүштү.