Телеалпаруучу, продюсер Алексей Филатовдун дагы бир таланты ачылды. Тактап айтканда, Алексей эми клип режиссёру болмокчу. Ушул нерсе Алексейдин тилектеринин бири эле. Клип тартуу үчүн атайын жаңы студия ачып, чет өлкөдөн видеокамера да саттырып келди. Эгерде клип тартуу жагынан мыкты болуп чыкса, Алексей кичинекей кезинен бери кыялданып келген фильм тартууну да ойлонууда.