Таланттуу ырчы Аида Кулуева 30-июлдан 2-сентябрга чейин Франциянын Конфолоң шаарындагы эл аралык “Конфолоң” фестивалына барып келди. Фестиваль 1 жума өтсө да катышуучулар Франциянын чет-жакаларын кыдырып, концерттерин коюп келишти. Айта кетсек, бул фестивалда Аида кыргыз тилинде жандуу үн менен кыргыздын аспаптарынын коштоосунда ырдады. Бул фестивалга Орто Азиядан жалгыз гана Кыргызстан катышканын да айта кетпесек болбос.