Репертуарын дайыма жаңылап, ырлары менен эл жүрөгүнөн орун таап келаткан Гүлнур Сатылганованын талыкпаган эмгегинин акыбети кайтып, мындан эки күн мурун «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардактуу наамга ээ болду. Наам ага улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилди. Бул наамды өкмөт үйүндө президенттин атынан мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол өз колу менен тапшырды.