АЖАЛ ТООРУГАНДАГЫ АМАЛ

Бир күнү Бишкекте, эртеси Москвада же бир көк ирим деңиз жээгиндеги курорттордун биринде эс алып жүрүп күн кечирген Айнура карапайым гана бүлөнүн кызы болчу. Аны мындай май көл, сүт көл турмушка кандуу бир окуя жеткизген. Тагыраак айтканда, өзүн ажал тооругандагы амалы жеткирген.

“ИЛГЕРИ КӨРҮП ЖҮРГӨНДӨЙМҮН, БИРОК...”
– Аскар, тигил айымды тааныйсыңбы?
Залдагы шатыра-шатман көңүл ачкан конокторду маашырлана тиктеп турган Аскардын оюн жанына келген Эрмек бузуп жиберди.
– Кимди айтасың?
– Тээтигинде узун кара көйнөкчөн, колуна бокал кармаган айым турат го.
– Эмне, сенин да көзүң түшүп калдыбы? Мм-м, дос, түшүнөм баарыңды. Мындай сулууга кимдин эле сугу артпасын. Бирок, “кайырмакка илинтем” деп үмүт этпей эле кой. Жанындагы Хасанды көрдүңбү? Кареги менен тең айланып жүрөт. Кыйын кыз экен Хасандай чириген байды минтип чимирилтип алган. Мен өзүм деле жакшы билбейм. Бир ай мурун казинодо Хасан тааныштырган. Көзү кылгырганынан эле байкабайсыңбы, оңой жан эмес.
– Аты ким экен?
– Жамал.
– Аа-а...
Кол булгай басып кетмекчи болгон Эрмекти Аскар токтотуп калды.
– Дос, карасаң, бул айымды илгери көрүп жүргөндөймүн. Баскан-турганы, сүйлөгөнү өтө эле тааныш. Бирок, мындай капкара каректерди көрбөгөм. Түшүнүп болбойт. Баятан бери андан көз албай тиктеп турам.
Аскар аны кимге окшоштуруп жаткандыгын билип турса да, Эрмек досунун кебин укмаксанга салып, ары басып кетти.
Аскар менен Эрмек көп жылдан бери арасынан кыл өтпөгөн жакын достордон. Экөө тең акчанын жытын алыстан илгиртпей сезген айлакер болгондуктан, шаардагы «мен» деген байлардын катарында. Бүгүн Аскардын түнкү клубуна анын кезектеги бир айымынын туулган күнүн белгилегени чогулушкан.

“ЭЧ НЕРСЕ КӨРГӨН ЖОКСУҢ, БИЛГЕН ЖОКСУҢ”
– Аскар Кемелович, бул документке кол коюп... Кечиресиз, мен байкабай кирип ...
Кабинеттеги шефинин колундагы жалаңдаган бычактан кан шүүшүндөп агып жаткан экен. Жерде канга боёлуп сулк жаткан аялды тиктей көздөрү чанагынан чыгып кете жаздаган Айнура чыккыча шашты.
– Айнура, токто! Бери кир!
Көздөрү бир башкача күйүп, кебетеси коркунучтуу болуп турган Аскар саамга мукактанып туруп калды.
– Жети түнгө чейин үйүңө кетпей жумушта эмне кылып жүрөсүң?
– Өзүңүз бул документтерди бүгүн даярдап бүтүп кет деген элеңиз...
– Аа, шайтан алгырдыкы! Эсимден чыгып кетиптир. Эмесе, мындай, сулуу. Бул жерден эч нерсе көргөн жоксуң, билген жоксуң. Түшүнүктүүбү?
– Ооб-ба... Тү-түшүндүм.
– Кел, мага жардам бер!
Полдо буттары дале титиреп жаткан аялды колтуктан алган Аскар тиштене Айнурага кыйкырды.
– Эмне жалдырап турасың!
Бетинен каны кача купкуу болгон кыз калтыраган колдорун аялдын буттарын көздөй суна берди. “Адам каза тапканда оор болуп калат” деп уккан жайы бар эле. Ошол чын окшойт. Канга боёлгон аялдын денесин чоң сумкага экөөлөп жатып араң салышты. Жеңилдене үшкүрүнүп, алаканын ушалаган Аскар дирилдеп коркуп турган кызды тиктеп калды.
– Сен акылдуу кызсың. “Башым ийинимден ыргып кетпесин” десең, үн чыгарбай жөн жүргүн, макулбу? Эми документтерди столума кой да, жолуңа түш.
Ошол түнү Айнура уктай албай койду. Тырышып өз күчү менен жакшы окуган ал шаардагы арабдар менен чогуу иштешкен фирмада иштеп жаткан. Фирманын Кыргызстандагы бөлүмдөрүн Аскар, Эрмек экөө башкарышаар эле. Аскар өз ишин мыкты билген чырайлуу Айнурага өзгөчө жакшы мамиле кылчу. Жанагы кабинеттен көргөнү көз алдынан кетпей, эмки тагдыры кандай болоорун билбей тынчы кетип жатты. “Жанагы канга боёлуп жаткан аял ким эле? Киши өлтүрүүгө Аскардын кантип дити барды? Кылмышын көрүп койгонум үчүн шефим эми мени соо коёбу?” Ойлонуп жатып башы сынчудай ооруп чыкты. Айласы кеткенде: “Эртең жумушка бараарым менен арыз жазып бошонуп кетейин. Ач кулактан тынч кулак. Эптеп бир жерден жумуш таап алаармын”,- деп чечти. Бирок, жумуштан бошоп кетүү оңой эмес экенин бат эле түшүндү. Арызын окуган Аскар көзүнөн жаш чыккыча каткырды.
– Ай, боорум, ай. Айнура, адамды келесоо кылгың келдиби же чын эле ушунчалык аңкоосуңбу? Элестет, кабинетимде болгон окуяны көрүп калган кызматкерди мен “кайда барсаң төрт тарабың кыбыла” деп коё берет экенмин да. Менден чыгып алып кайда барууну пландаштырдың? Түз эле милициягабы? Өзгөчө оор кылмышты жасап, адам өлтүргөндүгүм үчүн он беш жылга абакка салдырайын дедиңби? Билип кой! Ал иштин изин өзүм бир жаңсыл кылмайынча сени бошотпойм. Бир жакка качып кетем деп ойлобо. Жакшысы, тилди тишке катып, баягыдай иштеп жүрө бер.

“ТЕЗИНЕН АНЫ ЖОГОТУУ КЕРЕК!”
Ошентип, айласыз байланган Айнура иштеп кала берди. Дилинде жанагы кокустан күбө болуп калган жаман окуяны унутуп салууга аракет кылды. Бирок, ал окуя тууралуу дагы кокустан бир маалыматты угуп калды.
Ал күнү официант болуп иштеген курбусун күтүп кафеде отурган. Кардарлардын көптүгүнөн курбусу бошой албай, Айнуранын каршы болгонуна койбой випзалдардын бирине киргизип, отургузуп койгон эле. Эригип отурган кыз артындагы коңшу залдан тааныш үндү угуп калды.
– Башка айла кыла алган жокмун. Түрктөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканыбызды жаздырып алган экен. Шантаж кылып: “Эки бөлмөлүү үй алып берсең, кассетаны сага берем. Болбосо, жең ичинен түрктөр менен соода кылып жатканыңарды араб шефиңе жеткизем, менин байланыштарым бар”,- деп коркутпадыбы. Кийин билсем, ал араб биздин шаарда жашап жүргөнүндө үйүндө үй кызматчы болуп иштеген экен. Ал-жай сурашып турушат окшойт. Биздин иш кокус анын кулагына жетсе, анда күнүбүз бүттү дей бер.
– Тигил аялды эмне кылдың, ошону айтчы?!
– “Квартиранын документин даярдадым, сен кассетаны алып кел. Алмашабыз. Кокус, кассетаны көбөйтүп жаздыра турган болсоң, күнүм бүттү дей бер” деп коркуткам. Кассетаны көтөрүп алып кеңсеме келиптир. Башка жайга чакырсам көнбөй койгон. Коркту окшойт. Кеңседеги элдин баары кеткенде көзүн тазалап таштадым.
– Чын эле баары кетти беле?
– Кандай десем...
– Сенин “кандай десем” дегениңдин кереги жок. Баары кетти беле?
– Эсепчи Айнура бар эмеспи, ошол көрүп калды. Аны бир күн ичинде отчёт даярдап бер деген элем. Унутуп калыптырмын. Кол койдурам деп кирип көрүп калды.
– Сен, келесоо, алды-артыңа карап иш кылбайсыңбы! Анан Айнураңды эмне кылдың?
– Жакшылап коркутуп койдум.
– Аскар, тезинен аны жоготуш керек. Түшүнүп атасыңбы?
Экөө кепке кызуу кирип калгандыктан, кошуна залда отурган Айнураны байкашкан жок. Кичинекей випзалдардын каалгалары жок жасалган болчу. Дубалга калкалана караган кыз Аскар менен Эрмек сүйлөшүп отургандыгын көрдү.
Эки күндөн соң Айнура жоголуп кетти. Аны менен кошо фирмадан олчойгон суммадагы акча да жоголду. “Көздөрү жалдырай элейген бул кыздын колунан эч нерсе келбейт” деп туура эмес иш кылганын билген Аскар жер муштап кала берди. Байланыштары аркылуу эки жыл издетти. Тимеле кумга сиңген суудай дымы чыкпай койду.
Андан бери алты жыл өттү. Арабдар менен түзүлгөн келишимди аман-эсен аягына чыгарган эки дос ошондон соң чет жердиктер менен иштешүүнү токтотуп, өз алдынча бизнес түзүп, иштеп кетишкен.
Аскарды шантаж кылам деп анын колунан каза тапкан аялдын артынан издеп алаары жок болчу. Дайынсыз жоголгондордун катарында милициянын тизмесинде жүрүп, унутта калды. Бирок, Айнуранын дайынсыз жоголуп кетиши Аскарга да, Эрмекке да тынч уйку бербей, ушунча жылдан бери кандайдыр түпөйүл санаа менен жашатып келе жаткан эле.

СЫР КАТЫЛГАНДАЙ ТАБЫШМАКТУУ КАРЕКТЕР
Жанындагы жигитти эркелете мурдунан чымчып, экилене күлгөн сулуу айымдан Аскар дале көзүн ала албай тура берди. Жигиттин өзүнөн көз албай тигилип турганын Жамал да байкап, колундагы бокалын столго коюп түз эле Аскарды көздөй жөнөдү. Кылгырган көздөрдүн тереңинде кандайдыр сыр катылып жаткансыйт...
– Сизди бийге чакырсам болобу?
– Эмне үчүн болбосун?! Сиздей сулуу менен жан деп бийлебейбизби.
– Туулган күнүн белгилеп жаткан сулууңуздун жини келбейби?
– Мен бирөө менен бийлөө үчүн андан уруксат сурап отурбайм.
Дене-мүчөсү келишкен кызды кучагына алган Аскар магдырай жай музыкага термелип, эмелеки ичиндеги тынчсызданууну унута түштү. Балким, илгери Айнура менен бийлеп көргөн болсо, азыр аны кучактап бийлеп жатып таанып калаар беле... Өзүнө сырдуу жылмайып алып бийлеп жаткан Жамал фирмадан алып качып кеткен акча менен бетине пластикалык операция жасатып, кой көз карегине линза салдырып кара каректүү болуп, аты-жөнүн өзгөртүп алган Айнура экенин Аскар билген жок.

Даярдаган Айбек Нурадилов.
Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 276, 15-21-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан