Айдай сулуу ырчы айым Анжелика 8-сентябрь күнү “Айым Style” жеке сулуулук салонун ачты. Ырчынын тун кызынын атына коюлган бул салондо кардарлар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Босогодон аттаар замат кардар өзүн чыныгы жылдыздай сезет. Себеби, салондун кызматкерлери алар менен жылдыздай мамиле куруп, айткан талаптарынын баарын аткарып беришмекчи. “Сулуулук салонун акча табуу үчүн ачкан жокмун. Болгону, ырчылык менен эле чектелбестен, башка тармакта да өзүмдү сынап көргүм келди”,- дейт ырчы.