21- сентябрда «Ассоль» косметологиялык борборунан КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү жылдыздарын көрө алабыз. Алыстан ат арытып келген коноктор Ассоль айымдын сулуулук борборунун: арыктоо, беттеги бырыштардан арылуу, контурдуу пластикалык операциялар жана башка көптөгөн кызматтарын байкап көрүшмөкчү. Конок күтүүгө Ассоль айым катуу камданып жатканда өз кызыгуусун билдирип, Казакстандык ырчы Дилназ Ахмадиева келип кетти. Ал эми мындан бир жума мурун белгилүү кыл кыякчы Лана да келген эле. Бул жекшембиде келчү коноктордун чети чыга баштады. Белгилүү «KGC» компаниясынын лидери Людмила Гололобова келери анык болду. Андан тышкары, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн жылдыздарынын каймактары келиши күтүлүүдө.