ЖЫЛДЫЗ СЕГИЗБАЕВА

– Жылдыз, канча жашыңдан тартып ырдап келатасың?
– Атамдын таасириненби, мен дагы кичинемден тарта ыр дүйнөсүнө кадам таштагам. Анткени, атам музыкага, ырга жакын адам. Ошол ырга болгон сүйүүм, шыгым мени алты жашымда сахнага "Көпөлөк" деген ыр менен чыгуума түрткү берген. Ошол алгачкы сахна, алгачкы толкундануу, кубануу сезими бүгүнкүгө чейин жүрөгүмдө уялап турат. Ошондон бери сахнада ырдап келатканыма он эки жылдын жүзү болду. Көптөгөн конкурстардын лауреаты болгонго жетиштим.
– Кайсы музыкалык аспапта ойнойсуң?
– Ырчылыкка болгон шыгымды байкаган ата-энем кичинемден музыкалык мектепке беришкен. Ал жерден комузда ойноону толук үйрөнүп чыктым.
– Сенин шыгыңды, чыгармачыл адамдардан биринчилерден болуп ким байкаган?
– Жаңы гана эл алдына чыга баштаганымда мени Динара Акулова эже менен Абдумалик Шерматов байке Гүлмира Рыспаева экөө­бүздү тарбиялоого өздөрүнө кошуп алышкан. Динара эже "талантыңды өнүктүр, сенден жакшы ырчы чыгат" деп айтып калчу. Бирок, мен алар менен көпкө иштешкен жокмун. Анткени, апам мени "өзүмдүн жанымда эле болсун" деп чыгарып алган. Антсе да азыркыга чейин Динара эже менен мамилем жакшы.
– Ыр дүйнөсүнө аралашып келатканыңа бир топ жыл болсо да элге кеңири таанылбаганың эмнеден деп ойлойсуң?
– Ата-энемдин "Биринчи – сабагыңды жакшы оку, мектепти бүт. Андан кийин деле ырдап жетишесиң" деген кеңештеринен улам үч жылдай сахнадан четтеп кеткем. Мектепти ийгиликтүү бүткөн соң, кайрадан сахнага келип, учурда баш-отум менен чыгармачылыктын үстүндө алектенип жатам.
– Популярдуулукка жетиш үчүн сенин оюңча эмне керек?
– Албетте, биринчи орунда талант, анан аракет керек деп ойлойм. Талантың өркүндөп турса, популярдуулук сени өзү издеп келет.
– Патриоттук ырларды ырдап келатканың белгилүү. Эми качан сүйүү темасына орун бересиң?
– Негизи, мен турмушта патриот адаммын. Ошондуктан, бул тема менин жүрөгүмө жакын. Анан ар бир нерсе өз убагы менен дегендей сүйүү ырларына дагы кезек келээр.
– Демек, сүйүү сезимине жолуга элек турбайсыңбы?
– Азырынча жолуга элекмин, бирок, турмушта сүйүүнүн бар экенине жана ага жолугаарыма ишенем.
– Ичиңдеги сырыңды ким менен бөлүшөсүң?
– Негизи, мен оңой менен сырымды бирөөгө айтпайм. Бирок, бир эле адам менин жан-дүйнөмдө эмне болуп жатканын сезип турат. Ал – албетте, апам.
– Алдыда кандай максаттарды көздөп турасың?
– Буюрса, жакын арада "Жалжал көз" аттуу альбомумду чыгарганы турам. Андан соң Кытай жергесине барып, өзүмдүн жеке концертимди берүүнү пландап жатам.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан