ГАРРИ ПОТТЕР: БЕШИЛТИКТИН СЫРЛАРЫ

Гезитибиздин жаш окурмандарынын суроолору боюнча рубрикабыздын бул чыгарылышында атактуу сыйкырчы бала Гарри Поттер жөнүндө тартылган фантастикалык фильмдер тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Жетим бала Гарри Поттер каардуу таяке-таежесинин колунда тарбияланат. 11 жашка чыкканда ал ата-энесинин сыйкырчы адамдар болгондорун, өзүнүн да сыйкырдуу күчкө ээ экенин билет. Ага күн көрсөтпөгөн туугандарыныкынан качып чыгып, кичинекей сыйкырчылардын мектебине жөнөйт...
Гарринин сыйкырчылар мектебине киргенден баштап аны аяктаганга чейин башынан өткөн укмуштуу окуяларды сүрөттөгөн фильмдин биринчи бөлүгү ушинтип башталат. Кичинекей сыйкырчы жөнүндөгү эң алгачкы тасма 2001-жылы экран бетине чыккан. Тасма ошол жылдын “Оскар” сыйлыгы үчүн 3 номинацияда аты аталган. Тез эле жаш-кары дебей киносүйүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан тасманын кийинки бөлүктөрү тартыла баштайт: “Гарри Поттер жана сырдуу бөлмө” (2002), “Гарри Поттер жана Азкабандын туткуну” (2004), “Гарри Поттер жана от мөөрөйү” (2005), “Гарри Поттер жана Феникстин ордени” (2007).

«ГАРРИ ПОТТЕРДИН» АВТОРУ – ЖОАН РОУЛИНГ
1965-жылы Аглиянын Бристоль аймагына жакын бир чакан шаарчада Жоан аттуу кыз төрөлгөн. Ал 6 жашында Коён аттуу коён жөнүндө алгачкы чыгармасын жазган. Мектепте окуп жүргөндө Жоан класс жетекчисинин буйругу менен класстын акылсыздар тарабында отурчу.
Мектепти аяктап, университетте француз тилин окуган Жоан күнүмдүк тыйын табуу үчүн чакан уюмда катчы болуп иштеп жүргөн. 26 жашында Португалияга англис тилинен мугалим болуп иштөөгө кетет да, ал жерден португалдык тележурналист Жорж Араншет менен баш кошуп, 1993-жылы алар Жессика аттуу кыздуу болушат. Кызы үчкө толгондо, журналист кышкы чилдеде аялы менен кызын эшикке чыгарып коёт. Жоан агасы иштеткен кичинекей кафеде бир жумача жашап турат да, кичинекей кызына алган пособиенин жардамы менен эптеп күн көрө баштайт.

НЕГИЗГИ КААРМАНДЫН ЖАРАЛЫШЫ
Ошондой оор күндөрдүн биринде Жоан поездде кетип бара жаткан эле. Бир кезде анын көзүнө тегерек көз айнекчен, кара чачтуу, чекесинде тырыгы бар балакай көрүнөт. Бул Гарри Поттер болчу. Жоан үйүнө келгиче шашып, жомогунун алгачкы саптарын эски блокнотуна түшүргөн. Ошентип, күндүз иштеп, түнкүсүн кызынын пособиесине алган эски машинкада жомок жазып отуруп, бир жылдын ичинде «Гарри Поттердин» биринчи бөлүгүн жазып бүткөн.
Бирок, жазуучу айымдын чыгармасын бир дагы басмакана алган эмес. “Жарабайт”, “өтө эле татаал”, “биз мындайды эчак окуганбыз” деген сыяктуу терс жооптор гана келген.

ИЙГИЛИК
Бир күнү Жоан англиялык ”Блумсбарри” басмаканасынын агенти менен таанышып, алар жазуучунун жомогун кабыл алууну чечишкен. 1997-жылы Жоан Роулингдин “Гарри Поттер жана сыйкырдуу таш” жомогу жарык көрүп, жазуучу эң биринчи гонорарын, тактап айтканда, 105 миң доллар алган. Акчасына дароо компьютер алып, жазуучу жомоктун экинчи бөлүгүн жазып баштайт. 1998-жылы “Гарри Поттер жана сырдуу бөлмө”, 1999-жылы “Гарри Поттер жана Азкабандын туткуну” чыгып, Роулингди Англия менен АКШда мыкты жазуучу деп кабыл ала башташкан. Анын китептери 35 миллиондон кем эмес нуска менен жарык көргөн.

ДҮЙНӨЛҮК ЧЫГАРМА
«Британиянын эң бай айымы Жоан Роулинг китеп жазуунун аркасынан байыган адам» деп Гиннес китебине жазылып, тез аранын ичинде сынчылардын да көңүлүн буруп, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарын тапты. 2001-жылы Жоан врач Ниэл Мюррейге турмушка чыгып, дагы эки балалуу болду. Китебинин сатылышынан жана тасмалардан алган гонорар, кирешенин белгилүү бир пайызын жомокчу айым балдар үйлөрүнө, китепканаларга, согуштан жабыр тарткан балдарга берип, кайрымдуулук иштерин жасайт.
Жоан жакында зергер дүкөндөн өтө баалуу бриллианты бар шакек сатып алган. “Эми мен каалаган нерсемди алып жатып, анын баасын ойлонбой деле койсом болот. Бул шакек менин максатыма жетип, эч кимге кор болбой турганымдын белгиси болот”,- деген ал.

АКШ МЕНЕН АНГЛИЯДАН ЧЫККАН ТАСМА
Гарри Поттер бүтүндөй дүйнөгө атагы чыгып, бул баланы экрандан көргүсү келгендердин саны арта баштаган. 1999-жылы Жоан Роулинг өзүнүн жомогунун алгачкы 4 бөлүгүнүн негизинде америкалык “Warner Brothers” кинокомпаниясына тасма тартууга уруксатын берген. Ошентип, тасма “эки өлкөнүн продукциясы” деп катталып калган.
Келишим боюнча, Жоан тасма тартууга, сценарийди оңдоп-түзөөгө жана актёрлорду тандоого түздөн-түз тиешеси бар болот эле. Ошондуктан, анын “менин чыгармамда бардык каармандар англиялыктар, тасмага да жалаң англиялык актёрлорду алабыз” деген сунушуна макул болбой коюшкан эмес. Мындан тышкары, тасманын кирешесинен түшкөн белгилүү бир пайыз жана 1,5 миллион доллар түз эле жазуучунун чөнтөгүнө түшөөрү да келишимде көрсөтүлгөн.
Алгач 4 бөлүктү тең атактуу режиссёр Стивен Спилберг коймок. Бирок, ал долбоордон баш тарткан соң, 4 бөлүктү 4 башка режиссёр тартканга туура келген.
Башкаарман Гарри Поттердин ролуна актёр Дэниел Редклифф келгенде Жоан сүйүнүп кеткен. “Менин элесимдеги Гарри так эле сенин өзүң!”- деген ал. Ал эми Гермионанын образын жараткан Эмма болсо Жоандын өзүнүн балалык чагына опокшош кыз эле.

«ГАРРИ ПОТТЕР МЕНЕН АЖЫРАШУУ – КҮЙӨӨҢ МЕНЕН АЖЫРАШУУДАН ДА ЖАМАН ЭКЕН»
“Поттериана” деп аталып калган бешилтиктин дагы уландысы бар. Алтынчы китеп боюнча учурда тасма тартылып жатат. “Гарри Поттер жана өгөй ханзаада” ушул жылдын аягында көрсөтүлөт. Ал эми Жоан Роулинг ушул тапта “Гарри Поттер жана ажалдын белектери” деген ат менен сыйкырчы баланын эң акыркы окуяларын жазып жаткан кези. “Бул – Гарри Поттер тууралуу эң акыркы китебим. Эми аны менен кош айтышам”,- дейт жазуучу. Акыркы китеп боюнча тасма тартуу долбоору ачык деп жарыяланган жана экранга 2010-жылы чыгат деп пландаштырылган.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Бешилтикти экранга чыгарууда актёрлордон тартып жарык берүүчүлөргө чейин эсептегенде жалпысынан 3300 адам эмгектенген.
  • Тасманын ар бир бөлүгүн ар башка режиссёр тарткан. Алардын эң аз гонорар алганы – Майк Ньюэлл (1 миллион доллар), эң көп алганы – Крис Коламбус (10 миллион доллар).
  • Жоан Роулингдин китептеринин көлөмүнүн эң азы 127, эң көбү 734 беттен турат. Ал эми тасмага түшүрүлгөндө окуялар 3 сааттан кем созулбайт.
  • АКШда “бойго жете элек балдар күнүнө 4 саат гана иштесе болот” деген мыйзам бар. Буга байланыштуу кичинекей актёрлор тасмага 4 сааттан гана тартылууга акылуу болгон. Ушул себептен 6-7 ай ичинде тартыла турган фильмдер бир жылга чейин созулуп кетет.
  • Гарри Поттер жөнүндөгү китептер дүйнөнүн 35 тилине которулган.
  • Тасманын башкаармандары 30 миңге жакын талапкерлердин ичинен тандалып чыгышкан.
  • 2006-жылдын жайында фильм тартуу убактылуу токтотулган. Себеби, жаш актёрлор жайкы экзамендерин тапшыруулары керек эле. Мындай пауза кинону тарткан компанияга 5 миллион долларга жакын чыгаша алып келген.
  • Тасма тартылган ар бир аймак тез аранын ичинде туристтик жерге, кээ бир көрүнүштөр тартылган эски сарайлар, токойлор Гарри Поттердин күйөрмандары үчүн ыйык зыярат жерине айланган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 277, 22-28-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан