Ырчы Алина Жетигенова кызы Азелди ырчы катары эл алдына чыгара баштады. Азел кичинесинде апасы менен дуэт аткарганы менен эс тартканы бийге ыктап, “Стар Денс” бий тобунда бийлечү. Учурда жаңыдан ырчылыкка кадам шилтеген Азелдин “Жарыгым” аттуу ыры жазылып, элге тартуулана баштады.