Жаш селкилердин жүрөгүн багындырган Султан Садыралиевдин “Эне жүрөгү” аттуу ыры жарыкка чыкты. Бул ырды эстрада эмес, кыл кыяк, гитара, комуз, сыбызгы, бонги, шейкер музыкалык аспаптары коштойт. Баарынан кызыгы, суу толтурулган 3 литрлик банкаларды урганда чыккан үндөр да ырды кооздогон. Буга чейин эл уга элек мындай чыгарма азыр радиолордон бериле баштады.