Көп кырдуу талант, анын ичинде ырчылык өнөрү менен эл оозуна алынган Самат Дөөлөтбаков ата статусуна ээ болду. Тактап айтканда, 8-сентябрь күнү кечки саат беште ырчынын тун кызы төрөлдү. Ата-энеден аша сүйүнгөн чоң эне менен чоң ата небересине Аэлина деген ысым ыйгарышты. 2 килограмм 900 грамм салмакта төрөлгөн Аэлинага азырынча жентек той берилбейт. Анткени, Самат Түркияга банк иштери боюнча тажрыйба алмашууга жарым жылга кетет. Ырчы ал жактан келгенден кийин гана кызына тууган-уруктан бата алууну пландаштырууда.