Редакциябызга балдарын ээрчитип “жоктун айынан балдарым тамак-ашсыз калды” деп сыздаган эне баш баккан эле. Бир нече ырчынын жана төкмөлөрдүн аттарын атап “ушулар жардам көрсөтүшөр бекен” деп ыйлаган эненин оор тагдырын угуп отуруп, анын оюн ишке ашырууну туура тапканбыз. Эненин чоо-жайын телефон аркылуу төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевге билдиргенибизде алар дароо эле редакциябызга келишип, энеге колдорунан келген жардамдарын көрсөтүштү.