26-сентябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда КРнын “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясы менен КРнын Президентинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаментинин биргелешкен «Жоокер ыры» телесынагы болуп өттү. Сынакка ИИМдин академиясы, ички аскерлери, чек ара кызматы, Адилет министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы, Кайтаруу жана Күзөт департаментинин аскерлери күч сынашты. Катышуучулар сөзү, обону өзүнө таандык бирден ыр, эски жана учурдагы хит ырлардан бирден аткарышты. Сынактын бардык талабына жооп берген алдыңкы орун ээлери финалга жолдомо алышты.