Ырчы Съездбек Искеналиев өткөн жылы октябрда кыздуу болгон эле. Эми ошол кыз Даткайым 8-октябрда бирге чыгып, тушоо тою дал ушул күнү өткөрүлгөнү жатат. Жентек тойду борбордогу кафелердин биринде өткөргөн Съездбек эми тушоо тойду өзүнүн туулуп өскөн Кочкордун Кызыл-Дөбө айылында ага-тууганы менен чогуу белгилейт. Баса, тойго ырчымын дегендин баары барат.