Мерген “Дыңкы жеңе” атка конду

Ырчы Мерген Тургандын күйөрмандарына тартуулаган “Дыңкы жеңе” аттуу интермедиясы бар. Дыңкы жеңе колунан да, тилинен да келген, бир эле учурда урушчаак, ак көңүл айылдык келин. Бул ролду турмушта аткарууну чечкен ырчы туугандарынын кудаларын тосууда эки жолу Дыңкы жеңенин ролун аткарды. Көйнөк кийип алып чаңкылдап кудаларды тейлеп жүргөн ырчыны “далактаган келин ким?” деп  коноктор алгач таанышпай, жактырышкан эмес. Анан гана иштин жайын түшүнүп, каткырышкан. Ошентип, азыр ырчынын Мерген аты өчүп Дыңкы жеңе аталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан