МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ

Орусиянын “Биздин кино” фондунун барктуу текчесинде сакталган бул тасманын жаралганына дээрлик 30 жыл болду. Өз убагында эң баалуу сыйлыктарга жетишкени менен бул тасманын режиссёрун өкүнткөн көп нерселер бар экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Тасманын жаралышы, тартылышы жана башка сырлары жөнүндө маалымат бул макалада...

Режиссёру – Владимир Меньшов
Сценарийин жазган – Валентин Черных
Композитору – Сергей Никитин
Ролдордо: Вера Алентова (Катерина), Алексей Баталов (Гоша), Ирина Муравьёва (Людмила), Раиса Рязанова (Антонина), Наталья Вавилова (Александра), Александр Фатюшин, Борис Сморчков, Олег Табаков жана башкалар

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Москва. 1950-жылдар. Үч элеттик кыз борбор калаага бакыт издеп келишти. Людмила нан бышыруучу цехте иштейт. Антонина кесиби боюнча шыбакчы. Катерина болсо заводдо жумушчу. Үчөө тең жатаканада жашашат, үчөөнүн тең кыялы – чыныгы сүйүүнү кезиктирип, турмушка чыгып, бактылуу турмуш куруу. Тоня жөнөкөй жумушчу жигит менен, Люда келечеги кең хоккеист менен таанышат. Эки жак тең үйлөнүү тою менен аяктайт.
Ал эми Катеринанын турмушу бир аз башкача түзүлүп калат. Рудольф аттуу телеоператор Катянын ишенимине кирип, качан анын боюнда бар экенин билгенде таштап кетип калат.
Жылдар өтүп, каармандардын турмушу да өзгөрөт. Тоня бактылуу үйбүлөнүн энеси, Люданын хоккеисти аракеч болуп кеткен, ал эми Катя кызын жалгыз тарбиялап, ири мекеменин мүдүрү болгонго жетишет. Жалгыздыгына ызаланып түн­күсүн жаздыгына жатып ыйлаган Катерина күн­дөрдүн биринде өзүнүн жашоосун өзгөртө турган бир жакшы адам менен таанышат.

ТАСМАНЫН ТАРЫХЫ
Мындан 30 жыл мурун Москва тууралуу дилбаян, киносценарий, документалдык фильмдерге конкурс жарыяланган. Эң мыкты үч долбоордун ичинде жазуучу Валентин Черных жазган “Москва көз жашка ишенбейт” деген сценарий бар эле. Черных бул сценарий жөн гана сынакта орун албастан, кино болуп тартылышын каалаган да, алгач сценарийин тажрыйбалуу режиссёрлорго окутуп көргөн. Бирок, алардын бирөөсү да бул долбоорго кызыгышкан эмес. Ошондо Валентин Черных жаңыдан карьерасын түзүп келаткан үйрөнчүк режиссёр Владимир Меньшовго эмгегин сунуштаган.
Адегенде Меньшов да окуянын мазмунуна өтө көп маани берген эмес. Жаш режиссёрду бир гана нерсе кызыктырып калган. Сценарийде башкаарман Катерина ойготкуч саатты бурап, жатаарда ыйлап атып уктап калган. Ал эми ойгонгондо арадан 20 жыл өтүп кеткен болот. Меньшов алгач «сценарийдин бир нече бетин окубай калгам» деп ойлогон. Анан «ушул эпизодду кантип тартса болот?» деп өзүнчө кыялданып баштаган.

«БРЕЖНЕВГЕ ЖАГЫПТЫР...»
Черных менен Меньшовдун киносу элге сунулаардан мурун үч электен өтүшү керек эле: Сизов, Гришин жана Брежнев. “Мосфильмдин” көркөм кеңешинин төрагасы Сизов баш болуп кеңештин бардык мүчөлөрү өтө каардуу, олуттуу адамдар эле. Сценарист менен режиссёр алардын чечимин укканча шашышкан. Тасманын ар бир эпизодун талдап чыккан соң көркөм кеңеш фильмди мурда салтка айланып калгандай чоңдордун дачасына жеткирип барышкан. Фильмдин жаратуучуларынын да, көркөм кеңештин да корккондору – маданият министри Гришин эле. Эгерде ал мазмунун жактырбаса, анда фильмдин келечеги жок болмок. “Жактырдыбы?” деген Меньшовдун суроосуна Сизов колун шилтеп: “Гришин жактырбаса койсун. Башкысы, Брежневге жагыптыр”,- деп жооп берген. Ошентип, бул тасманын тагдыры чечилген.

«ОСКАРГА» ЭЭ БОЛГОН ТАСМА...
“Москва көз жашка ишенбейт” фильми бүткүл СССРдин, жакынкы чет өлкөлөрдүн, Европа жана Американын кинотеатрларына коюлган экен. Тасманы туура 100 өлкө сатып алганын жана биринчи эле жылы аны 90 миллион адам көргөнүн статистика билдирет. “Мосфильмдин” почтасына мүшөк-мүшөк каттар келип түшкөн.
АКШда 12 айдын ичинде 2,5 миллион доллардык киреше топтогонго үлгүргөн тасма 1981-жылы Американын эң престиждүү киносыйлыгы болгон “Оскарды” “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” номинациясы боюнча жеңип чыккан. “Москва көз жашка ишенбейт” деп дүйнөнүн эң чоң өлкөлөрүндө афишалар илинип, эң мыкты кинотеатрларда бет ачарлар башталган. Бирок, ошол бет ачарлардын биринде да режиссёр Меньшов катышкан эмес...

...ЭЧ НЕРСЕГЕ ЭЭ БОЛО АЛБАГАН РЕЖИССЁР
Белгисиз себептерден улам Меньшовду бир да өлкөгө тасманын бет ачарына жиберишкен эмес. Тасмадан түшкөн кирешеден дагы режиссёрдун чөнтөгүнө бир да тыйын түшпөгөн. Мунун себебин билүү үчүн Меньшов ар бир чоңдун эшигин каккылай берген.
Акыры ал эки себептен “жазалангандыгын” билген. Биринчиси – өлкөдөгү экинчи адам болгон Подгорный отставкага кеткенде “адамды эч бир себепсиз кетиргендери туу­ра эмес” деген сөзү. Экинчиси – түркүн азык-түлүккө бай чет элдик дүкөндү мактап койгону эле. Ушул эки болбогон себеп үчүн гонорардан куру калган Меньшов: “Мен эч өкүнбөйм дагы, даттанбайм дагы. Негизгиси, үйдө “Оскар”, эл арасында менин баркым бар”,- деп гана айта алат.
Ал эми аталган “Оскарды” тапшыруу аземине Меньшовдун ордуна Америкадагы Совет элчилигинин өкүлү баргандыгын эртеси бардык гезиттерде уяттап, шылдың кылып жазып чыгышкан. Ошондо гана чоңдор өз каталарын түшүнүшүп, режиссёрго баш көтөрө алышкан эмес. Бирок, болоор иш болуп, Меньшов алтын “Оскардан” башка эч нерсеге ээ боло алган жок.

АКТЁРДУК ТОП
“Москва көз жашка ишенбейт” фильми жарык көргөндө анын эл арасында чоң популярдуулукка жетишинин бир сыры – актёрдук состав эле. Тасмада башкы ролдор гана эмес, экинчи пландагы каармандардын образдары да чоң мааниге ээ.
Катеринанын ролу ошол жылдардын эң атактуу актрисалары И.Купченко менен М.Терёховага сунуш­талган. Биринчисине сценарий анча жаккан эмес, экинчиси “Мушкетёрлор” тасмасын көбүрөөк жа­ктырып, ролдон баш тарткан. Ушул себептен бул роль убагында анча тааныла элек жаш актриса В.Ал­ен­товага тапшырылган.
Гошанын ролуна татыктуу актёрлорду Меньшов эмнегедир жалаң 40-45 жаштагылардын арасынан издей берген. “Сценарийди окуп көрүңүз» деп Олег Ефремов, Вячеслав Тихоновдорго кайрылган. Бир күнү режиссёр сыналгыдан эски фильмди көрүп отуруп капыстан Алексей Баталовду байкап калат. Ошондо дароо башкаармандын ролун аткаруучу актёрду тапканын сезген. Баталов да өз кезегинде көп ойлонбостон макулдугун берген.

УЛАНДЫСЫ БАРБЫ?
Жакынкы арада интернетте “Меньшов атактуу фильмдин “Москва көз жашка ишенбейт. 20 жылдан кийин” деп аталган уландысын тартат экен” деген маалыматтар пайда болгон. “Режиссёр Александрадан (Н.Вавилова) башка тасмага тартылган бардык актёрлорду таап, алар менен жаңы тасма жөнүндө талкуулап жатат” деген сөздөр азырынча тастыктала элек. Балким, Меньшов да “Тагдыр тамашасынын” уландысын тарткан киночулар сыяктуу (алар жаңы кино тартып жаткандарын 6 жыл жашырышкан) бул нерсени азырынча сыр кылып турайын деп жаткандыр.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Чет өлкөлүк прокатка чыгаарда тасма англис тилине которулган. Бул вариантында актёрлор өздөрү англис тилинде сүйлөп, үндөрүн жаздырышкан. Бардык актёрлордун чет тилде мыкты сүйлөгөндөрү көпчүлүктү таңкалтырган.
  • Башкаарман Гошанын ролуна көптөгөн актёрлор өздөрүн сунушташкан. Ал талапкерлердин арасында режиссёр Меньшовдун өзү да бар эле. Кийин ал чакан ролду, Гошанын теңтуштарынын бирин аткарган.
  • Журналисттердин кызыгуусун жараткан актриса Наталья Вавилова (Александранын ролун аткарган) бир нече жыл мурун аттан кулап, омурткасын оорутуп алган эле. Ал азыр киного көп тартылбайт. Эксклюзивдүү гүлдөрдү өстүрүү – анын хоббиси. Чиркөөгө барып, кедейлерге, жетимдерге жардам берип турат.
  • Владивостокто “Москва көз жашка ишенбейт” тасмасында тартылган алты актрисанын жашоосун чагылдырган “Алты айымдын тагдыры” деген китеп чыккан. Китеп көпчүлүктүн көңүлүн бура алган жок. Антсе да андан кызыктуу далилдер чыккан. Мисалы, фильмде жеке турмушу ийгиликсиз болуп калган Катерина менен Людмила – чыныгы жашоолорунда бактылуу айымдар. Ал эми сценарий боюнча жакшы турмуш куруп кеткен Антонина өз жашоосунда бакытка жете алган эмес.
  • Өткөн жылы белгилүү орусиялык ырчы, “Звери” тобунун солисти Рома Зверь “Москва көз жашка ишенбейт” тасмасынын негизинде жаңы фильм тарта турганын билдирген. “Мен болгону заманбап жаштар мындай окуяда кандай чечимге барышаар экенин билгим келди, ошондуктан, эски мазмун менен жаңы фильм тартып көрүүнү чечтим”,- дейт Рома. Ырчы режиссёрдук ишин баштадыбы, жокпу, азырынча белгисиз.
  • Актриса Вера Алентова менен тасманын режиссёру Владимир Меньшов институтта окуп жүргөндө таанышышкан да, бирин-бири жактырып баш кошушкан. Чыгармачыл үйбүлөдө ата-энесинен кем калбаган таланттуу актриса, телеалпаруучу Юлия Меньшова төрөлгөн.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 278, 29-февраль - 6-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан