Көпчүлүк кыздардын жүрөгүн ээлеген ырчы Мирбек Атабеков Кыргызстандын жети облусуна турнеге чыкты.Турне Ош шаарынан башталды. Концерт учурунда Мирбек өзүн капа кыла турган окуяга туш болду. Тактап айтканда, Мирбектин үнүн да, өзүн да жакшы көрүп, өз бөлмөсүн ырчынын сүрөтү менен кооздоп жүргөн 16 жаштагы күйөрманы о дүйнө салган экен. Кыздын ата-энеси “кызыбызга бир ыр арнасаң” деген сунушун айтышкан. Учурда Мирбек маркум күйөрманынын элесине арнап ыр жаздырууну пландаштырууда.