Өзгөчө үнү бар ырчы Орунбасар Кызалаков аранжировщик, үн режиссёр Камил Эгинбаев аттуу продюсер менен иштеше баштады. Борбордун так ортосунан ижарага студия алып иштей башташкан жигиттердин алдыдагы планы түрмөлөргө концерт коюу. Алгач Чүй облусунда жайгашкан түрмөлөрдү кыдырып, сооп табууну көздөгөн Орунбасарга ийгилик каалайбыз.