БИТЛЗ

Англиянын Ливерпуль шаарынан чыккан бул топтун жаратуучусу Жон Леннон топко ат коюуда бир топ талаш-тартыштар жүргөндөн кийин аян түш көрөт. Түшүн­дө кичинекей бала таттуу торттун үс­түндө учуп баратып «топтун аты «Вeetles» болсун» деп кыйкырат. Жон уйкудан ойгоноор замат топко бул атты ыйгарууну чечет да, сөзгө бир аз өзгөр­түү киргизип, атын “The Beatles” деп койгон. Мунун биринчи мааниси «Beetles» – «доңуздар» деген сөздөн алынса, андагы «е» тамгасын «а» тамгасына өзгөртүү менен сөздүн уңгусу «beat» болуп, «бит музыка» деген түшүнүккө да ээ болгон. Бирок, буга чейин 4 жыл бою ар кандай башка аттар менен өмүр сүрүп келген топ бул атка 1960-жылдын апрель айында гана ээ болгон.

“Битлз” ансамблин түзүү идеясы 1955-жылы пайда болгон. Кийинки жылы легендарлуу ырчы жана актёр Элвис Преслинин жана рок-н-ролл жанрындагы атактуу ырчы Билл Хейлинин ырларын уккан Жон Леннон бул жаатта жаңы топ ачуу максатында музыкалык аспаптарда, анын ичинде гитарада ойноону өздөштүрө баштайт. Ал кезде Жон мектеп окуучусу болгондуктан, өзү курактуу таланттуу балдарды чогултуп, алар менен бирге чакан концерттерди уюштура баштаган. Ушундай концерттердин биринде 15 жаштагы Пол Маккартни менен таанышат. Пол ошол кезде эле музыка жаатында өтө таланттуу жигит болгондуктан, алардын аткарган ырлары акырындык менен эл арасына сиңе баштайт. Көп узабай бул жаш ырчылардын катарына Полдун жакын досу Жорж Харрисон келип кошулган. Аты аталган үчөө топтун негизги өзөгүнө айланып, алардын катарындагы башка балдар өздөрү эле акырындык менен топтон четтей башташат. Алгач үчөө үлпөт тойлордон, жеке кечелерден тапкан акчаларын чогултушуп, жаңы ырларды жаздырууга өтүшөт. Көп өтпөй топту толуктоо үчүн жаш сүрөтчү Стюарт Сатклиффти бас-гитарада ойноочу, ал эми Питер Бестти барабанчы катары өздөрүнүн катарына кабыл алышкан. Ошентип, толук кандуу топ 1957-жылдын 13-октябрында түзүлгөн.
Толукталган топ 1960-жылы Германиянын Гамбург шаарында алгачкы концертин коюп, атактуулуктун биринчи баскычтарын багынткан. Күндүз чакан клубдарда, кечкисин концерттерде жана түнкүсүн кечелерде ырдаган “Битлз” тобу тынымсыз эмгектенүү менен көбүрөөк акча таап, аны жаңы ырларды жаздырууга жумшоону максат кылып алышкан. Ал учурда акчалары аздык кылгандыктан, топтогу балдар чогуу бир бөлмөлүү батирде турушчу. Кээде ыр жаздырабыз деп ачка калган күндөрү да болгон.
Жумшаган эмгектеринин акыбети кайтып, 1962-жылы “Битлз” тобу бир гана Англия жана Германия элдерине эмес, дүйнө элдерине аты тааныла баштайт. Бирок, көп узабай топтун бир бутагы болгон Сатклифф менен коштошууга туура келген. Анткени, Сатклифф сүйгөнү Кирхер менен Германияда калууну чечип, топ менен гастролду улантуудан таптакыр баш тартат. Тилекке каршы, ошол эле жылы бас-гитарачы Сатклифф мээсине кан куюлуп, Гамбург шаарында каза тапкан. Ал эми гитараны кайрадан эле ырчы Пол Маккартни өз колуна алган. Ушул эле жылы топ алгачкы келишимге кол коюп, продюсер Жорж Мартин менен иштеше баштайт. Жорж топтогу жигиттердин арасынан барабанчы Пит Бест менен тил табыша албай, аны кетирүүнү ойлоп, ар бир кыймылына терс сындарды айтууга өтөт. Ал эми Питтин талапка ылайык чач жасалгасын өзгөртүүдөн баш тартканы аны топтон биротоло четтеткен. Бир айга жетпей анын ордуна Ринго Старр аттуу барабанчы келген.
Төрт жигиттен турган “Битлз” квартети 1964-жылы акырындык менен дүйнөлүк хит-параддардын биринчи катарын ээлей баштайт. Бул жылы биринин артынан бири жарык көргөн ырлар толугу менен 18 ай биринчиликти эч кимге берген эмес. “Мени кубандырчы” аттуу алгачкы альбому да топтун 13-октябрь туулган күнүнө карата чыгарылып, анын бет ачары түз эфир аркылуу дүйнөгө көрсөтүлүп, экран алдына 15 миллион көрүүчү топтогон. Ал эми көрсөтүү бүткөндөн кийин ырчыларды жанынан көрүүнү каалаган жүз миңдеген күйөрман кыздарынын курчоосунан алып чыгуу үчүн атайын куткаруучу полиция кызматкерлери чакырылган ондон ашык машиналардын курчоосунда ырчыларды бир нече сааттан кийин гана араң алып чыгышкан.
Бир айдан кийин эле “Битлз” дагы бир жаңы альбом чыгарууга жетишип, Англиянын Лондон шаарында чоң концерт берет. Ага Англиянын ханбийкеси Маргарита өзү келип катышкан. АКШда топтун популярдуулугун сынаган “Эд Салливандын шоу берүүсү” телеберүүсүнүн атайын чыгарылышында экран алдына чогулган күйөрмандарынын саны 73 миллионго жетип, тарыхта кала турган рекорд коюшуп, «Битлз» эң популярдуу топ» деп табылган.
1964-жылы топтун “Оор күнү кечинде”, 1965-жылы “Жардамга” музыкалык фильмдери жарык көргөн. “Битлз” тобу дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө кайсы убакта барбасын аэропорттордо аларды көрүүнү каалаган 3 миңден кем эмес эл тосуп алчу. Мындай атактуулук бул квартетке 32 күн ичинде 35 миң 906 чакырым жерди басып, дүйнөнүн 24 шаарында 31 концерт бергенге шарт түзүп берген.
Олуттуу маселелер “Битлз” тобу үчүн 1966-жылы пайда болгон. Филиппины өлкөсүнө болгон гастролдук сапарында концерттен кийин бул өлкөнүн президентинин алдында ырдоодон баш тарткандыгы үчүн элдер ырчыларды сабап кууп чыгышкан. Бул жолку сапары ийгиликсиз болуп калган “Битлз” Америкага кайтып келгиче топтун мүчөсү Леннондун “жакында христиан дини жок болот, анткени, биз азыр Иисустан да атактуу болуп кеттик” деп мактанган сөзү элге жетип, чоң чыр-чатак жараткан. Бул жолу элинен кечирим сурап кутулганы менен топтогу балдар дүйнөлүк гастролдордон чынында эле тажагандарын айтышып, топту таркатуу сунушун киргизишкен. Жыйынтыгында, 1966-жылы 29-августта жыйынтыктоочу концертин элге тартуулашкан.
Бирок, квартет кийинки жылы кайрадан чогулуп, жаңы альбом жаратууга киришет. Алардын тарагандан кийинки жаралган ырлары мурдагыдан да суроо-талабы жогору чыгармаларга айланып, дагы бир өзгөчөлүк катары дүйнөлүк хит-парадда 88 жума катары менен биринчиликти ээлеп турган. Мунун өзү топтун эң таланттуу экендигин далилдеп, күйөрмандарынын дагы көбөйүшүнө жол ачкан. Ал эми квартеттин “Ошондой боло берсин” аттуу акыркы альбому 1970-жылы жаралган. Тилекке каршы, ушул жылдан тартып ар кимиси өз алдынча болууну чечип, “Битлз” толук кандуу чогуу иштөөсүн биротоло токтоткон. Акыркы жолу залкар таланттардын үчөө 1995-жылы чогулушуп, эски ырларын дагы бир ирет жаздырууга жетишишкен. Ал эми топтун жаратуучусу катары таанылган Леннон 1980-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле.
“Битлз” тобунун талантынан жаралган айтылуу “Мишель”, “Жашоонун бир күнү”, “Сары субмарина”, “Эй, Жуд” жана башка ырлары улуу муундагы ар бир жарандын жүрөгүндө сакталып калса керек.

ЖОН ЛЕННОН (09.10.1940-08.12.1980)
Ата-энесинин жалгыз уулу. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен, үч жашынан баштап таежесинин колунда чоңойгон. 10 жашында апасын көчөдөн мастар сабап өлтүрүп кетишип, Жондун ыр жазуу таланты ошондо ойгонгон. Жашынан эле музыкага жакын болгондуктан, 16 жашында топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, алгач 1963-жылы Синтия аттуу кызга баш кошкон. Ортолорунда бир уулу бар. Кийин 1968-жылы Йоко Оно аттуу сүрөтчү менен кол кармашат. Бул жолу сүйүүсү үчүн өзүнүн Жон Уинстон Леннон деген фамилиясын Жон Оно Леннон деп өзгөртүп алган. Бирок, ушул жылдан тартып баңгизаттарын көп колдонгондуктан, топтогу лидерликти Пол Маккартниге өткөрүп берген. Топтон тышкары өз алдынча чыгарган альбомдору ийгиликке жетишкен эмес. 1980-жылдын 8-декабрында өзүнүн өтө берилген күйөрманы Марк Чэпмен далысына 5 жолу ок атып өлтүргөн.

ПОЛ МАККАРТНИ (18.06.1942)
13 жашында апасы рактан каза таап, эрте эле өз алдынча болууга туура келген. Кичинекейинде үлгүлүү балдардын катарында болгон. “Битлз” тобуна болгону 15 жаш курагында келип, азыркыга чейин музыка дүйнө­сүнөн алыстай элек. Өмүрүндө эки жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Линда, ал эми экинчи жубайы Хизер Миллс. Хизерге үйлөнөөр алдында үйбүлөлүк мүлктү бөлүштүрүү келишимине кол койбогондуктан, кайрадан ажырашкандан кийин экөө баш кошкондон кийинки кирешенин жарымын бөлүшүүгө туура келген. Бул болсо “Хизер жылына 48 миллион доллар алып турат” дегенди билдирет. Ортолорунда бир кызы бар. Ал эми Хизер автокырсыктан кийин бир бутунан ажырап, майып болуп калган.
Пол тууралуу дагы бир уламыш бар. Кээ бир маалыматтарга караганда, ырчы 1966-жылы эле авторкырсыктан каза тапкан, ал эми учурдагы Полдун ролун аткарган киши чыныгы Полго куюп койгондой окшош адам. Мунун далили – 1966-жылы чынында эле топтун автокырсыкка учураганы жана “Маккартнинин эгиздери” деген конкурстун жарыяланышы.

РИНГО СТАРР (07.07.1940)
Ринго балалыгында жетишпестиктин кыйынчылыгын көргөн. Андыктан, жаш кезинен эле акчанын айынан темир жолдо иштеп күн өткөрчү. “Битлз” тобуна келгенден кийин гана өз таланты бааланып, элге таанымал болууга үлгүрөт. Топтун башка жигиттериндей эле эки жолу үйлөнгөн. Бул топ таркагандан кийин дагы музыканы таштабастан, өз алдынча чыгармачылыгын өркүндөтүүгө жетишти.

ПИТЕР БЕСТ (24.11.1941)
Пит балалыгында ата-энесинин байлыгы менен кененчиликте турмуш кечирген. “Битлз” тобунун барабанчысы Пит үчүн байлык – кол жеткис көрүнүш. Анткени, бул музыканттын учурдагы тагдыры эң өкүнүчтүү. “Жетишпестиктин айынан карып кетти. Алтургай жанында чогуу жашаган эч кимиси жок. Ал эми атактуу топ тарагандан кийинки өз алдынча музыкалык карьерасын улантуу аракеттери натыйжасыз болуп калды” деген кептер эл арасына кеңири тараган.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 278, 29-февраль - 6-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан