Дүйнөгө белгилүү италиялык кино жылдыз Орнелло Мутти жакында Казакстанга келип кетти. Анын урматына чакырылган коноктордун ичинде Кыргызстандан Ассоль Молдокматова барган. Бизге белгилүү болгондой жакында эки өлкөнүн жылдыздары Ассоль менен Орнелло биргеликте зер буюмдарын чыгарууну пландаштырууда. Эми Францияда болуучу жолугушууда бул тууралуу кенен сөз болмокчу.