Жакында эле Ысык-Көл тараптан гастролдон келаткан ырчылар Мирбек, Бегимай, Ирлан Кемин шаарчасында жол кырсыгына кабылган 5 баланын энесине жардам беришти. Ал айымдын омурткасы сынып кеткен. Ырчылар жол кырсыгынан жабыркаган аялды өздөрү менен ала келип, борбор шаарыбыздагы ооруканалардын бирине жаткызышты.