Ырчы Кайрат Примбердиевдин киндик каны тамган жер Ош облусуна караштуу Кочкор-Ата айылы экенин көптөр билишпесе керек. Кайрат 8 айында атасынан айрылган эле. Ошентип, ал таекелеринин колунда өсүп Кочкор-Атага барган эмес. Учурда ырчы Ош облусунун айылдарында жеке концертин коюп жүрүп Кочкор-Ата айылынан чоң атасынын биртууганына жолукту. Ырчынын чоң атасы Кайратка ата-теги боюнча айтылуу Курманжан датканын неберелеринен экенин айтып узатты.