Ырчы Эмил Балтагулов өзүнүн кесибин алмаштырып, башка чөйрөгө кетүүнү көздөп Оштогу фирмалардын биринде жарым жыл технолог болуп иштеген эле. Тапкан акчасына ыраазы болгон ырчынын жүрөгү баары бир “сахна” деп туруп алгандыктан, кайрадан ырчылыкка кайтты. Бир аз тыныгуудан кийинки чыгармачылык башатын борбордон баштоону ылайык көргөн ырчы Бишкекке көчүп келди.