Клиптерди көркүнө чыгарып келген актёр Камчы Сарыбаев кыргыздын тарыхын чагылдырган кино жаратмай болду. Режиссёрлукту биринчи жолу аркалаган Камчы алдыдагы тасманы Мырза Айдаралиев менен бирдикте тартмакчы. Кинодо ата-энелери кудалашып койгон эки жаштын келечек тагдырлары баяндалат.