ТАҢКАЛЫШУУ МЫЙЗАМДАР

Англиялык “The Times” гезити тажрыйбалуу юристтердин кеңештерин колдонуп, дүйнө өлкөлөрүндө расмий түрдө кабыл алынган эң таңкалыштуу мыйзамдардын тизмесин түзгөн. Мисалы, Францияда торопойлорду Наполеон деп атоого же АКШнын Огайо штатында балыктарды арак берип мас кылууга катуу тыюу салынган. Эмесе, саны 300гө жакын таңкалыштуу мыйзамдардын толук эмес тизмесине көз чаптырсак...

40-орун. АКШнын Арканзас штатында ушул штаттын аталышын туура эмес айткан жарандар мыйзам чегинде айыпка тартылышат.
39-орун. Израилде машина айдап бараткан эркектер шиш така кийип жүргөн аялдарга сигнал берсе, бул мыйзам бузуучулук деп эсептелинет.
38-орун. АКШнын Колорадо штатында кошуналарга чаңсоргуч берип турууга катуу тыюу салынган.
37-орун. Англияда орун алган Нью-Бритэн шаарында өрт өчүрүүчү машиналар өрт өчүрүүгө шашып баратса деле ылдамдыгын саатына 60 чакырымдан ашырууга акылары жок.
36-орун. Американын Флорида штатында чачтарачканада чачын кургатып отурган аял уктап калса, ага айып салынат. Ушул эле штаттын ресторандарында музыканын ыргагы менен столдун үстүндө бармактарын ургулоо, буту менен жерди тепкилөө мыйзам бузуу деп саналат.
35-орун. Данияда чачтарачканада иштегендерге эртең мененки саат 7ден кечки 7ге чейин пияз, сарымсак жегенге тыюу салынат.
34-орун. Америкадагы Огайо штатында айымдарга эркектин портретинин маңдайында туруп чечинүүгө тыюу салынган.
33-орун. АКШнын Пенсильвания штатында бир үйдө 16дан ашык аял жашабашы керек. 17 аял чогуу жашаган үй сойкукана болуп эсептелинет. Ал эми мыйзам бир үйдө 120 эркекке чогуу жашаганга уруксат берет.
32-орун. Лос-Анжелесте эки кичинекей баланы бир эле убакта бир ваннада киринтүүгө болбойт.
31-орун. АКШнын Флорида штатындагы Пенсакола шаарынын тургундары ар дайым жанында 10 доллардан кем эмес акча алып жүрүүлөрү керек. Мындан сырткары, мамлекеттик имараттардын дубалдарына жөлөнүү мыйзам бузууга жатат.
30-орун. Израилдеги Хайфа шаарында мэриянын алдына туруп алып, жыланды куйругунан кармап айлантууга мыйзам тыюу салган.
29-орун. Американын Луизиана штатында бирөөнү тиштесең, айыпка тартыласың. Эгер тиштериң салма тиш болсо, анда айып көлөмү чоңоёт.
28-орун. Лондон шаарынын тургуну Лондон көпүрөсү аркылуу койлорун өткөрүүгө акысы бар.
27-орун. Кытайдын жарандары улуттук баатырларынын сүрөттөрү тартылган маркаларды катка тескерисинен чаптап койгондору үчүн бир колунан ажырап калуулары мүмкүн.
26-орун. Германияда күнүнө 6 сааттан ашык өбүшкөн эркектерге мурут өстүрүүгө болбойт.
25-орун. Лондон шаарынын жетекчилиги таксилерде кутурган жаныбарлар менен өлүктөрдү ташууга тыюу салган.
24-орун. Улуу Британиянын “Жогорку Кеңешинин” имаратында өлүүгө тыюу салынган.
23-орун. Францияда торопойлорго Наполеон деген ат коюу мыйзамды бузууга жатат.
22-орун. Аляскада аюуларды сүрөткө тартып алуу үчүн аларды ойготууга жана аларга спирт ичимдиктерин ичирүүгө тыюу салынган.
21-орун. АКШнын түштүк штаттарынын бири болгон Алабамада көзүн таңып алып машина айдагандар мыйзам бузушкан болот.
20-орун. Англияда кошбойлуу аялдар үчүн ыңгайлуу мыйзам чыккан. Ал мыйзам боюнча боюнда бар айым качан жана кайда кааласа даарат кылууга акысы бар.
19-орун. Индонезияда мастурбация үчүн өлүм жазасы берилет.
18-орун. Сальвадор мамлекетинде кызуу абалда машина айдап баратып кармалган жарандарды дароо атууга жиберишет.
17-орун. АКШнын Кентукки штатында чыныгы мылтыкка окшогон оюнчук мылтык көтөрүп жүргөндөргө чоң айып салынат.
16-орун. Аризона штатында (АКШ) төөлөргө мергенге чыгууга жана эшектерди үйдө багууга, аларга ваннада төшөк салып берүүгө тыюу салынган.
15-орун. Американын Колорадо штатында чымчыктарды кармоого, аларды багууга жана жегенге катуу тыюу салынган.
14-орун. Вермонта шаарында турмушка чыккан аял күйөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты жок жасалма тиш салдырууга акысы жок.
13-орун. Эгер сиз жугуштуу оору менен оорулуу болсоңуз, Лондон шаарында такси кармоого акыңыз жок.
12-орун. Англияда жакын жерде ажаткана таба албай калган эркектерге өздөрүнүн машинасынын багажнигине даарат кылууга уруксат берилген.
11-орун. Бахрейн мамлекетинде эркек гинеколог аялдардын жыныстык органдарын күзгү аркылуу гана караганга акысы бар.
10-орун. Улуу Британиянын жээктеринен табылган киттин денеси мамлекетке тиешелүү болуп эсептелет. Анын башы королго, ал эми куйругу королевага таандык экени мыйзамда көрсөтүлгөн.
9-орун. АКШнын Калифорния штатын жердеген айбанаттарга мектептердин, чиркөөлөрдүн жана административдик мекемелердин алдында жыныстык катнашта болууга тыюу салынган. Ошондой эле бул штаттын тургундарына түкүргөндүгү үчүн 1000 доллар айып чектелет.
8-орун. АКШнын чыгышындагы Балтимор штатында театрларга арстан жетелеп келүүгө, Иллинойс деп аталган штатта чычкандарды бейсбол битасы менен согууга, Индияда уйдун эмчегин эмүүгө, ал эми Мексикада мышыктардын жүнүн кырууга мыйзамдуу түрдө тыюу салынган.
7-орун. Американын Миннесот штатынын тургундары жылаңач уктоого акылары жок. Ушул эле штаттын тургундары уктап жаткан аялды өбүүгө акысыз.
6-орун. Индиана штатында октябрь айынан мартка чейин суунун тартыштыгынан ваннага түшүүгө болбойт. Ушул эле штаттын жетекчилиги коёндорду башка түскө боёого, шарап сатылуучу дүкөндө сүт сатууга, парктарда дарбыз жегенге жана алкоголь ичимдиктерин туруп ичүүгө катуу тыюу салган.
5-орун. Францияда эркек таксист 17 жашка чыга элек жана колготки кийип жүрбөгөн кыздарды тейлей албайт. Мындай көрүнүш зордуктоо деп эсептелинет да, мыйзам чегинде жазаланат.
4-орун. АКШнын Канзас штатында жөө адамдар караңгыда жолдон өтүп бараткан учурда жалтырак кийим кийүүлөрү керек. Ал эми Порт-Артур деп аталган шаарда лифтте жел чыгарууга тыюу салынган.
3-орун. Жорж Буш Техас шаарынын губернатору болуп жүргөн кезинде киши өлтүргүчтөр тууралуу мыйзам кабыл алган. Анда киши өлтүрө турган адам курмандыгына кол сала тургандыгын 24 саат мурун билдириши керек.
2-орун. Канадада 40 килограммдан аз жана 90 килограммдан көп салмактагы аялдар көчөдө купальникчен жүрө алышпайт.
1-орун. Нью-Йоркто балмуздакты чөнтөккө салып жүрүү мыйзам бузуу деп эсептелинет. Ал эми Оклахома штатында арты менен басып баратып гамбургер жеген адамдар айыпка тартылышат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 278, 29-февраль - 6-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан