КРнын Эл атристи Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда туулган күнүн белгилейт. Жеке майрам катары саналган бул күндү ырчы буга чейин борбордогу кафелерде өткөрүп келген. Бул жолу Гүлнур жакын туугандарын, сырдаш курбу-досторун өз колу менен жасалган тамак-аштары жайылган дасторконго чакырат. Биз дагы ырчынын туулган күнү менен куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз.