Ош, Жалал-Абад аймактарын кыдырып концерт койгон ырчы Ынак Осмоналиев гастролдон кайтып келди. Түштүк жергесине өзүнүн чакан тобу менен барган ырчы Чоң-Алайда кызык окуяга туш болгон. Концерттен соң бир үйгө конок болгон Ынакты айылдын кыздары артынан издеп келишкен. Күйөрман кыздардын кылыгынан корккон үй ээси ырчыны жанындагы досторуна кошуп сыртынан кулпулап коюуга аргасыз болгон.