Кыздардан чыккан куудул Назира Жетигенова куудулдук өнөрү бар жаштар үчүн кастинг жарыялайт. Кастингде сатира, интермедия жазып өз чөйрөсүндө аткара жүргөн өнөрлүүлөр бир гана Назиранын эмес, белгилүү режиссёрлордун дагы сынынан өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү куудул кыз ачкан театрда иштешип, бир эле учурда ырдап-бийлеп, интермедия аткарып дегендей, бир нече өнөрдү аркалашат.