Ырчы Ташкент кызы Гүл жаштарды ыйманга чакырган ырларды ырдай баштаганда көлгө келин болгон эле. Бал айын кайын журтунда өткөргөн ырчы учурда жолдошу менен Бишкекте жашап жатат. Хиджаб кийип, Алла Таала жөнүндө ырдаган ырчыга эми борбордогу фирмалардын биринде программист болуп иштеген жолдошу өзү финансылык жактан колдоо көрсөтөт. Жолдошунун алгачкы колдоосунун негизинде Гүл “Тобо кылалы” деген ырына мечиттен клип тартканы жатат.