Түнкү саат 12де борбордогу кафелердин биринен чыккан ырчы Максат Бегалиевдин Совет – Донецк көчөлөрүнүн кесилишинен бензини түгөнүп, машинасы өчүп калган. Канистри жок ырчы май куйдуруп келмекке жакын жердеги таштандыдан желим бөтөлкө издеген. Май куючу жайдагылар анын таап барган 2 литрлик бөтөлкөсүнө май куюп берүүгө макул болушкан эмес. Чыдамы кеткен Макс ырчылыгын пайдаланып, кол тамга берип жатып, анан май куйдуруп үйүнө жеткен.