ОСКАР – 2008

Дүйнөлүк киноискусство жаатында эң негизги сыйлык деп саналган Америка улуттук «Оскар» киносыйлыгы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да, Американын президенти Рейганга кол салуу болгон жылы да токтотулуп же башка күнгө жылдырылган эмес. Жыл сайын февраль айында өтө турчу сыйлыкты тапшыруу аземи кээ бир маселе жараткан окуяларга карабастан быйыл да өз жыйынтыгын чыгарды.

«Оскардын» пайда болушу
Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты фильмдерге сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү «Метро-Голдвин-Мейер» киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Ал жыл сайын мыкты фильмдерди эл берген добуштардын жардамы менен тандоонун системасын иштеп чыккан. Ошол эле убакта скульптор Жорж Стэнли сыйлыктын символун – “Оскар” статуэткаларын куюп баштаган. Эң алгачкы 15 “Оскар” 1929-жылдын 16-майында 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган.
Айта кетчү нерсе, сыйлык өз атына 1931-жылы гана ээ болду. Америкалык кинематография маданияты жана илимдери академиясынын китепканасында иштеген (кийин аталган академиянын мүдүрү болуп дайындалган) Маргарет Херрик статуэтканы көрүп, “менин Оскар таякеме куюп койгондой окшош экен” деген. Ошондон улам сыйлык “Оскар”, эл арасында болсо “Оскар таяке” деп аталып калган.
Түрмөктөлгөн плёнканын үстүндө турган шер жоокердин колунда узун кылыч бар. “Оскардын” бою 34 сантиметр, салмагы 3,8 килограмм. Дайыма алтын жана күмүштөн куюлган “Оскарды” Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда гана баалуу металлдын жетишпегенинен улам колодон куюуга туура келген.
79 жыл ичинде бардыгы болуп 2622 “алтын киши” таратылган. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында алардын катарына дагы 50 даана “Оскар” кошулду. Аземге саналуу күндөр калганда бул жылкы 50 “Оскарды” «Голливуд энд Хайлэнд» комплексинде көргөзмөгө коюшкан. Көргөзмөгө келген адамдардын баалуу сыйлыкты өз көзү менен көрүп тим болбостон, аны кармап да көрүп, эстеликке сү­рөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк­төрү болду. Тапшыруу аземине 1 күн калганда 50 “Оскар” комплекстен алынып, кече өтө турган кинотеатрга кароолчулардын коштоосунда жеткирилди.

Сценаристтердин көтөрүлүшү
Америкадагы эң негизги телеберүүлөрдүн, сериалдардын, салтанаттуу кечелердин жана кинотасмалардын сценарийин жазган жазуучулар Америкалык сценаристтер гильдиясын түзүшөт. Өткөн жылдын ноябрь айында 12 миң жазуучу мүчөлүк кылган уюм көтөрүлүшкө чыккан эле. Алардын нааразычылыгынын негизги себеби – автордук гонорардын төмөндүгү. Сценаристтер фильмдердин жана телешоулордун сатылышынан түшкөн кирешенин белгилүү бөлүмү аларга тиешелүү экенин айтышып, гонорарлардын жогорулашын талап кылышкан. Киностудиялардын өкүл­дөрүнүн мындай шартка көнбө­гөн­дөрү жазуучуларды максатына башкача жол менен жетүүгө мажбур кылган.
Эскерте кетсек, мындай көтө­рү­лүш акыркы жолу 1988-жылы өтүп, көп жыйынтык алып келе алган эмес. Бул жолу жазуучулар өтө олуттуу түрдө даярданышып, 11 жума созулган митингдер эң алдыңкы киностудияларга жарым миллиард долларлык чыгым алып келип тим болбостон, “Оскардын” “репетициясы” болгон “Алтын глобус” сыйлыгынын салтанаттуу аземин үзгүлтүккө учураткан. Көптөгөн жылдыздардын катышуусу менен өтө турган ири кечени сценаристтердин айынан жөнөкөй пресс-конференция катары эле өткөрүүгө туура келген.
“Мындай маселе сексенинчи “Оскарга” да өз таасирин тийгизет” деген коркунуч жаралган. “Оскарга” 1 күн калганда сценаристтер менен продюсерлер 3 жылдык келишимди түзүүгө жетишип калышкан. Антпеген учурда салтанаттуу кечеде фильмдерден үзүндүлөр көрсө­түлбөйт эле (сценаристтердин автордук укугу боюнча) жана азем кызыксыз, кө­ңүл­сүз өтмөк. Акыркы жолу мындай көңүлсүз “Оскар” 2001-жылы өткөн. Анын себеби, 11-сентябрдагы окуядан каза тапкандарга жана жапа чеккендерге сый-урмат көрсөтүү эле.

План «Б»
“Оскар” салтанатын өткө­рүүнү моюнуна алган продюсер Гил Кейтес “кече жогорку деңгээлде өтөт” деп кепилдик берген. “Көтө­рүлүшкө чыккан жазуучулардан баштап асмандагы кара булуттар кеченин мыкты өтүшүнө эч жолтоо боло албайт. Себеби, биз “кокус күтүлбөгөн нерсе болуп кетеби” деп план “Б” түзүп койгонбуз”,- деп айткан продюсер. План “Б” дегени эмне экенин эч ким ошол бойдон билген жок. Себеби, мааракелүү салтанат самагандай эле өттү.

«Оскар-2008» расмий постери
“80-жолу өтүп жаткан “Оскарды” бардык жагынан эң жогорку деңгээлде өткөрөбүз” деп сөз беришкен уюштуруучулар иш-чаранын майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурушкан. 2008-жылкы “Оскардын” постерин фильмдердин постерлерин тартып даярдаган атактуу постермейкер (бул Америкада өзүнчө кесип болуп эсептелет) Дрю Струзан тарткан. Боёкторун болсо анын уулу Кристиан тандаган. “Биз “Оскарды” даярдап жатып анын түшү­нүк­сүз сыйкырдуу күчүн, баалуулугун, сырдуулугун, ар бир адам үчүн маанилүүлүгүн көрсөткүбүз келди”,- дешет постердин авторлору. Бул эмгектери үчүн атасы менен баласы жетишээрлик гонорар менен сыйланышкандыгында шек жок.

«Оскарды» алпаруу – сыймык
“Оскар” сыйлыгынын 80-салтанаттуу кечесин алпаруу бактысы “Comedy Central” каналынын алпаруучусу комедиант Жон Стюартка берилди. Стюарт мындан 2 жыл мурун да “Оскарды” алпарган эле. Ошондо ал элге да, уюштуруучуларга да жагып калып, аны кайрадан чакырууну туура табышкан.

«Оскар» сыйлыгынын мааракелик аземи
2007-жылдын 3-декабрында “Оскар” үчүн ат салышкан бардык каалоочулар өз эмгектерин Америка киноакадемиясына жөнөтүшкөн. 26-декабрда ар бир катышуучуга жооп менен кат жиберилген. 12-январда Тынч океан мейкиндигинин убактысы менен саат 17де номинанттарды элдин добушу аркылуу тандоо токтотулду да, алардын ысымдары 22-январда жарыяланды. 4-февралда номинанттар салт боюнча түшкү тамакка чогулушту.
19-февралга чейин эми номинанттардын ичинен жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн берилген добуштар жыйынтыкталды. 23-февралда “Оскар” сыйлыктары кимге ыйгарылаары белгилүү болгонуна карабай жыйынтыкты расмий түрдө 24-февралда жарыялашты. Ошентип, белгиленген күнү Лос-Анжелестеги эң престиждүү “Kodak” кинотеатрында Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгынын мааракелүү 80-аземи болуп өттү.

Жыйынтыкта...
Эң негизги номинациялар жана алардын ичинен “эң мыкты” деп аныкталып, “Оскар” менен сыйланган номинанттар төмөнкү тизмеде.
(Тизмеде «Оскардын» жеңүүчүсү биринчи орунда жазылган. Калгандары - ошол наамга ат салышкан номинанттар)

Жылдын эң мыкты фильми: «Чалдарга мында орун жок»; «Кечирим»; «Жуно»; «Майкл Клейтон»; «Нефть».
Эң мыкты режиссёр: Этан жана Жоэль Коэндер, «Чалдарга мында орун жок»; Пол Томас Андерсон, Нефть»; Тони Гилрой, «Майкл Клейтон»; Жейсон Рейтман, «Жуно»; Жулиан Шнабель, «Скафандр жана көпөлөк».
Эң мыкты сценарий: Диабло Коуди, «Жуно»; Нэнси Оливер, «Ларс жана чыныгы айым»; Тони Гилрой, «Майкл Клейтон»; Брэд Бёрд, «Рататуй»; Тамара Женкинс, «Жапайылар».
Эң мыкты актёр: Дэниэл Дэй-Льюис, «Нефть»; Жорж Клуни, «Майкл Клейтон»; Жонни Депп, «Суини Тодд, Флит көчөсүндөгү жин чачтарач»; Томми Ли Жонс, «Эла өрөөнүндө»; Вигго Мортенсен, «Экспорттогу кемчилик».
Эң мыкты актриса: Марион Котийяр, «Кызгылт түстөгү жашоо», Эллен Пейж, «Жуно»; Жули Кристи, «Андан алыс жүргөндө»; Лаура Линни, «Жапайылар»; Кейт Бланшетт, «Алтын доор».
Эң мыкты анимациялык фильм: «Рататуй»; «Персеполис»; «Толкунду тос!».
Эң мыкты чет өлкөлүк фильм: «Жалган тыйын жасагандар» (Австрия); «12» (Орусия); «Катынь» (Польша); «Монгол» (Казакстан); «Бофор» (Израиль).
Эң мыкты монтаж: «Борн жарыялаган ультиматум»; «Скафандр жана көпөлөк»; «Жапайы шарттарда»; «Чалдарга мында орун жок»; «Нефть».
Эң мыкты операторлук иш: Роберт Элсвит, «Нефть»; Рожер Дикинс, «Жесси Жеймстин өлүмү»; Симус Мак Гарви, «Кечирим»; Рожер Дикинс, «Чалдарга мында орун жок» Януш Камински, «Скафандр жана көпөлөк».
Эң мыкты саундтрек: «Кечирим»; «Шамал аркасынан жүгүргөн адам...»; «Майкл Клейтон»; «Рататуй»; «Юмага кете турган поезд».
Эң мыкты декорация: «Суини Тодд, Флит көчөсүндөгү жин чачтарач»; «Гангстер»; «Кечирим»; «Алтын компас»; «Нефть».
Эң мыкты кийимдер: «Алтын доор»; «Аалам аркылуу»; «Кечирим»; «Суини Тодд, Флит көчөсүндөгү жин чачтарач»; «Кызгылт түстөгү жашоо».
Эң мыкты грим: «Кызгылт түстөгү жашоо»; «Норбиттин амалдары»; «Кариб деңизинин каракчылары-3: Жер түбүндө».

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 279, 7-13-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан