Мындан эки жума мурун үй-бүлөлүк турмушка сапар алган ырчы Кубаныч Сатаев учурда үйлөнүү тоюна кызуу камынууда. Кубаныч бул тууралуу: “Азырынча тоюбуздун так күнүн белгилей элекпиз. Бирок, никебизди кыйдырган күнү эле айылга кыргызча той берип келдик”,- дейт. Айта кетчү нерсе, Кубанычтын колуктусу белгилүү ырчы Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова. Кундуз экөө буга чейин кыз-жигит катары эки жыл сүйлөшүп жүрүшкөн.