ЭКИГЕ БӨЛҮНГӨН ЖАТЫН ДЕГЕН ЭМНЕ?

МЕНИН УРУКТУГУМДУ КЫЗЫМ СЕЗЕ АЛАБЫ?
– Мени бир суроо кызыктырып келет. Ал менин сексте рахатка батканымда бөлүнүп чыккан уруктугумду "алиги" жагына түшкөнүн кызым сезиши мүмкүнбү деген суроо. Мүмкүн болсо жооп берип койсоңуздар. Эмил, Баткен.
– Сиздин уруктугуңузду өнөгүңүздүн сезүүсү күмөн. Анткени, жатындын моюн тегерегинде нервдик рецепторлор аз. Ал эми уруктуктун температурасы жатын кынынын температурасы менен бирдей. Ошондуктан, уруктуктун түшүшү билине бербейт.

ЭКИГЕ БӨЛҮНГӨН ЖАТЫН ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Курбум жакында балалуу болууну көздөп, дарыгерге көрүнгөн эле. Врач текшерген соң ага "жатының экиге бөлүнгөн экен. Ошондуктан, балалуу болушуң да, болбошуң да мүмкүн" деп айтты. Ушундан улам экиге бөлүнгөн жатын боюнча түшүндүрмө берип коюуңуздарды суранабыз. Замира, Кочкор.
– Экиге бөлүнгөн жатын – бул жатындын адаттан тыш жаралгандыгы. Мындай жатын ээлеринин кээсинде гормоналдык жетишсиздик, жатындын толук өсүп жетпегени, жумурткалыктын функциясынын төмөндүгү учурайт. Мындай болгон учурда тукумсуздук күтүлөт. Кээлеринде жатындын эки бөлүгү тең нормалдуу иштеши да мүмкүн. Мындай учурда бойдо болуу бир бөлүгүндө күтүлөт. Эгер дайыма врачтын кароосунда болсо, аял кыйналбай эле төрөп алуусу да мүмкүн. Кээсинде бойго бүтүү болгон менен кайрадан эле бойдон түшүшү күтүлөт. Кыскасы, экиге бөлүнгөн жатындар да бири-биринен өзгөчө­лөнүп турат. Андыктан, экиге бөлүнгөн жатын деген диагнозу бар аялзаты врачка көрүнүп, өз жатынынын өзгөчөлүгүн так аныктатуулары кажет.

КЕЛИН КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН ЖАШАП ЖАТСА ДЕЛЕ КЫЗ БОЙДОН КАЛУУСУ МҮМКҮНБҮ?
– Жакында курбум экөөбүз талаша кеттик. Ал "кыз турмушка чыгып, күйөөсү менен жашаса деле кыз бойдон калуусу мүмкүн" деген ойго келбеген кептерди айтты. Ошондон улам экөөбүз талашыбыздын аягына чыкпай келебиз. Ушундай болушу мүмкүнбү? Сани, Нарын.
– Курбуң менен талашпай эле кой, анткени, аныкы туура. Анткени, кыздык белгинин өзгөчө түрү да кездешет. Ал өтө чоюлчаак болгондуктан, жыныстык жашоодо да айрылбаган бойдон кала берет. Антсе да андай кыздык белги төрөө мезгилинде айрылууга дуушарланат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан