ЭТЕК КИР УЧУРУНДА КОШУЛУУ ЗЫЯНБЫ?

– Аялдын этек кири келип жаткан учурда төшөк кумарына батуу зыянбы? Эгер терс таасири болсо, мага жана күйөөмө кандай зыян келиши мүмкүн? Гүкүн, Бишкек.
– Этек кир келип жаткан учурда жатын кандайдыр бир деңгээлде ачык болгондуктан, инфекция кирип кетиши мүмкүн. Мындай болгон учурда сезгенүү келип чыгып, дарылоону талап кылат. Эркектин уретрасында (заара чыгаруучу канал) кан калып калса да сезгенүү келип чыгат. Андыктан, этек кир учурунда кошулуу жакшы көрүнүштөрдөн эмес.

АЯЛДАРДЫН ЖЫНЫС КЫНЫН КАНТИП КИЧИРЕЙТСЕ БОЛОТ?
– Мен кезектеги баламды төрөгөнүмдөн соң эле күйөөм "алигиң" кеңейип калгансыйт, чарасын көрбөйсүңбү" дей баштады. Ошондуктан, сиздерден "жыныс кынды кичирейтүүгө болобу, болсо кантип?" деп сурайын дегем. Күйөөм айткандай, чара көрбөсөм, ал башкаларга бара баштайбы деп күмөн санап жатам. Айка, Жалалабат.
– Жыныс кынын кичирейтүүнүн бир топ ыкмалары, колдонулуучу каражаттар бар.

  • Атайын дары май

– Аял жыныстык катнаш болоордон 12-20 мүнөт мурун кадимки чалкандан жасалган майдан (дарыканада сатылат) 6 же 8 тамчы жыныс кынынын ичине куюш керек. Чалкан майы жыныс кынынын ичиндеги нервдерди дүүлүктүрүп, булчуңдарды жыйрылтып, жыныс кынын кичирейтет.

  • Шарик менен көнүгүү аркылуу

Секс-шоптон батарея менен иштөөчү шарикти сатып алуу кажет. Ал жыныс кынына салынып, батареясы иштетилет. Шарик термелгенде (вибрация) булчуңдар жыйрылып, чыңалуусу күчөйт. Натыйжада, жыныс кынынын кичирейүүсүнө алып келет. Бирок, буга жетүү үчүн 1-2 ай колдонуу талап кылынат.

  • Таш менен машыгуу

Бул үчүн секс-шоптон же сувенирдик дүкөндөн жумурткадай көлөмдөгү жылмакай, тоголок ташты сатып алуу керек. Ал ташты жип өткөзгүдөй кылып көзөтүү кажет. Же болбосо бышык жипти ташка супер желим (клей) менен желимдөө зарыл (бул таштын жыныс кынында калып калбоосу үчүн керек). Анан ташты ысык суу менен абдан тазалап, самындап жууп, жыныс кынына салып, булчуңдар менен кыпчып, чарчаганча ары-бери басуу керек. Эгер таш жыныс кынынан түшүп кетсе, жууп кайра салып туруу кажет. Ушинтип таш жыныс кынынан түшпөй калгыча машыгуу талапка ылайык.
Минтип машыгуунун натыйжасын билүү үчүн аял колдорун таза жууп, сөөмөйү менен ортонун жыныс кынына салып, кыпчып көрөт. Ушинтип булчуңдардын канчалык өскөнүн билип турууга болот. Бул ыкма өжөрлөнүп машыгууну талып кылганы менен жакшы натыйжага алып келет.

  • Гель, кремдер

Секс-шоптордо, дарыканаларда жыныстык кынды кичирейтүү максатында чыгарылган түрдүү гель, кремдер бар. Ошондон сатып алып, жыныстык кындын ичине сыйпоо кажет.

  • Тампондор

Сыртынан караганда кадимки тампондон анчалык айырмасы жок. Бирок, керектүү дары заттар сиңирилип коюлган. Кошулаардан мурун жыныс кынына салынып, кошулуу алдында алынып коюлат.

  • Жөнөкөй көнүгүү

Көтөн чучук менен ичтин төмөнкү булчуңдарын жыйрып ичке тартып, канча бир мүнөт кармап туруп, кайра коё берүү менен машыгуу керек. Муну унаада баратып же жумушчу орунда иштеп отуруп деле улам-улам кайталап жасай берсе болот. Натыйжага жетүү үчүн 2-3 ай тынымсыз машыгуу керектелет.

  • Операция аркылуу кичирейтүү

Жыныстык кичине эриндердин канча бир бөлүгү бириктирилип, тигилип коюлат. Эскертип кетүүчү нерсе, төрөгөндөн кийин түрдүү жолдор менен кичирейген жыныс кыны кайра кеңейип калат. Андыктан, курсту кайрадан баштоого туура келет.

УМАМДЫН ТЕРИСИНИН ЖАРЫЛЫП, КЫЧЫШТЫРГАНЫ ЭМНЕСИ?
– Үч айдан бери уруктук калтамдын териси кургап, жарылып, кычыштырып келүүдө. Тааныш дарыгерге кайрылсам, сыйпоочу дары май жазып берген эле. Бирок, ал убактылуу эле жардам берип, оорум кайра эле козголуп жатат. Эмне кылсам болот? Нурик, Бишкек.
– Ооруңуздун белгилерине караганда, теринин "грибок" оорусуна чалдыгыптырсыз. Бөтөнчө микроорганизмдер пайда кылуучу бул оору бир нече түргө бөлүнөт. Сиз дерматологго көрүнүп, диагнозуңузду тактатып, анан дарыланууга өтүшүңүз керек.

ТАМПОН ЖЫНЫС КЫНЫНДА КАЛЫП КАЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?
– Менин алды жагым сезгенип ооругандыктан, курбумдун кеңеши менен өз алдымча дарыланайын дегем. Бирок, өзүм жасаган тампон тереңге кетип калып, чыкпай калса эмне болот деп ойлоп коркуп жатам. Ошондуктан, "ичте калып калган тампондун кандай зыяны бар?" деген суроомо жооп берип койсоңуздар. Нази, Ош.
– Тыгынды (тампон) кокус тереңге кирип чыкпай калса, анда кан келүү башталат. Кан тыгындыга тосулуп топтолуп, анан ал жер ириңдей баштайт. Эгер ириң канга өтүп кетсе, анда сепсис башталат. Бул болсо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, өз алдынча дарыланбай, гинеколог дарыгерге көрүнүп, дарылануу зарыл.

ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН МЕНИ КУУРЧАКТАР КЫЗЫКТЫРАТ...
– Мен кадимки балдардай эле чоңойгом. Бирок, кичинекейимде эмнегедир чоң, жакшынакай куурчактарга кызыгып, менин куурчагымдын болушун каалачумун. Бир жолу апамдан куурчак сатып беришин сурасам, "сен кыз белең?!" деп катуу урушуп койгон. Балдар менен футбол, согуш оюндарын ойносом деле оюмда куурчак менен ойноону самачумун. Өспүрүм курагымда куурчактар мени сексуалдык планда кызыктырууга өттү. Ошондуктан, эптеп акча топтоп, чоң куурчак сатып алдым. Аны шкафыма бекитип, ыңгайы келип калганда аны менен ойной баштадым. Оюн учурунда кадимкидей дүүлүк­чү­мүн. Бир канча ай өткөндөн кийин куурчактын юбкасынын алдын карап, кармалоо менен өзүмө мастурбация жасоого өттүм. Учурда жалгыз жашайм. Үйдө түрдүү 5-6 куурчак бар жана күн сайын аларды маңдайыма коюп, өзүмө мастурбация жасайм. Кыздар мени абдан аз кызыктырышат. Андыктан, мен келечегимден тынчсызданам. Ушул бойдон калып каламбы? Канткенде жыныстык жактан башка эркектердей жашай алам? Алик, Карабалта.
– Сизге айтаар кеңеш: сексопатологго же психиатрга көрүнүүңүз кажет. Психиатрлар көпчүлүк ойлогондой шизофрения менен ооругандарды гана дарылабастан, башка психикалык ооруларды да айыктырышат. Албетте, дарылоодо мүнөз менен тарбиянын өзгөчөлүгү сөзсүз эске алынат.

ДҮҮЛҮГҮҮНҮ БАСУУЧУ КАРАЖАТТАР БАРБЫ?
– Мен заказ менен элди узак жактарга ташыган таксичимин. Иш менен жүрсөң деле төшөк кумарын эңсебей коё албайсың да. Кээде дүүлүгүп, жаман болом. Эми сиздерге "дүүлүгүүнү жана жыныстык тартылууну басуучу каражаттар барбы, болсо аларды кайдан сатып алууга болот?" деген суроону бергим келет. Ташы, Талас.
– Дүүлүгүүнү басуучу каражаттар бар. Бирок, алардын көбү психотроптуу каражаттар болгондуктан, ойлоо жөндөмдүүлүгү менен эске тутууну төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондуктан, андай каражаттарды колдонууга кеңеш бербейт элем. Ал эми абалдан чыгуу үчүн өзүңүздү башка нерселер менен алаксытыңыз же мастурбация ыкмасын колдонуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2012-11-20 01:39:03
Ташы дуулуккон жакшыго анда машинана куурчак салып жур дайым жолго чыгаарда ,багажникке салып кой пайдасы чон тиет.
+4
Asyl10
2017-01-31 16:35:12
Ташы. Талас. Бардык жерде сойкулар бар го, презервативди ал дагы бара бер. Аялынын койнунан азыр эле чыгып барып атышпайбы, сен го алыс сапар журот экенсин. Аялынды ушунчале катуу жакшы коруп, башка аялга барбайм десен анда,резина кукланы интернеттен заказ кылып алып ал.
-2
№ 279, 7-13-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан