«1930-жылы Карл Дэнхем баш болгон тартуучу топ сырдуу Башсөөк аралында жашаган горилланы көрүүгө келишет. Кинг Конг деген атка конгон горилланын адамдарды динозаврлардан жана жунглинин жырткычтарынан сактап калганына карабай «зор жандыктын арты менен акчага ээ болом» деген Карл аны Нью-Йоркко алып келет...».
Режиссёру – Питер Жексон
Сценарийин жазгандар – Френ сис Уолш, Филиппа Бойенс
Продюсерлери – Жан Бленкин, Кэролинн Каннингэм
Ролдордо: Наоми Уоттс, Жек Блэк, Эдриан Броуди, Томас Креччман, Колин Хэнкс, Энди Серкис, Ивэн Декстер Парк жана башкалар.
КИНГ КОНГ 75 ЖАШТА
1925-жылы куурчак анимациясы жанры боюнча адис, режиссёр Уиллис О`Брайен жазуучу Артур Конан Дойлдун “Кайып дүйнө” романынын негизинде тасма тарткан. Ошол кездеги кинематографиянын баасы боюнча бул тасма мыкты тартылган деп эсептелген да, башка эч ким бул режиссёрдун эрдигин кайталай алган эмес.
1933-жылы эки жазуучу Мериан Купер менен Эдгар Уоллас ХХ кылымдын жаңы образын – Кинг Конгду жаратышкан. Таңкалыштуу көлөмдөгү горилла тууралуу идея Уиллис О`Брайенге өтө жагып калат да, ал кайрадан китептин негизинде мурунку фильмди тартуудан алган тажрыйбасына таянып жаңы тасма чыгарат. Коркунучтуу, каардуу, бирок, ошол эле убакта өтө мээримдүү горилла тез аранын ичинде эл арасында эң популярдуу кинообразга айланган. “Кинг Конг” 1933-жылдын мыкты фильмдеринин катарына кирип, көпкө чейин кинотеатр экрандарынан кеткен эмес. Ал убактын жөнөкөй көрүүчүлөрүнө килейген горилла (чындыгында 30 сантиметрлик оюнчук) менен адамдар кантип алышканы табышмак болчу.
Укмуштуу окуяны кайталап журнал комикстери, мультфильмдер, театралдык пьесалар чыга баштаган. Мериан Купердин тасмасын римейк кылып кайра жаратууга көптөгөн режиссёрлор чыгынган. 1933-жылы “Кинг Конгдун баласы”, 1967-жылы “Кинг Конгдун качуусу”, 1976-жылы “Жаңы Кинг Конг”, 1986-жылы “Кинг Конг тирүү” жана жапон кинематографтары тарабынан “Кинг Конг Годзиллага каршы” деп арты-артынан тасмалар тартыла берген. Алардын ичинен 1976-жылы Жон Гиллермин аттуу режиссёр тарабынан тартылган “Кинг Конг” мыкты деп эсептелчү. Бирок, 2005-жылы “Кинг Конг” кайрадан экран бетине эми башка режиссёрдун варианты менен чыкты да, мурунку тасмаларды тартылышы жагынан бир топ артта калтырды.
ПИТЕР ЖЕКСОНДУН «КИНГ КОНГУ»
Режиссёр Питер Жексон дайыма “эң жакшы көргөн тасмам – 1933-жылкы “Кинг Конг” деп айтып келчү. Ал көп жылдан бери горилланын окуясын жаңыртып, экран бетине кайтарып келүүнү самап келген. “Арадан көп убакыт өттү,- деп айткан режиссёр интервьюларынын биринде. - Эми “Кинг Конгдун” жаңысы тартыла турган убакыт келип жетти деп ойлойм. Анткени, азыркы жаштар илгерки ак-кара тасманы көргүлөрү деле келишпейт деп кепилдик берем”.
Чындыгында, Жексон бул долбоорго 1996-жылы эле киришкен. Бирок, ошол жылы экрандарга “Кубаттуу Жо Янг”, “Годзилла” деген атаандаш тасмалар чыгып, продюсерлер тобокел кылуудан баш тартышкан. Ал эми Жексон атактуу “Шакектер шаасы” үчилтигин тартууга өтүп кеткен.
Акыры “Кинг Конгдун” сценарийи 2003-жылы жазылып, 2004-жылдын 6-сентябрында башталган съёмкалар 131 күнгө созулган. Тартуучу топ күн-түн дебей эмгектенип 750 километр плёнка сарпташкан. Убакытка которгондо бул 400 саатка барабар эле. Монтаждалган соң гана бул убакытты 3 саат 7 мүнөткө кыскартышкан. Бет ачарга 8 ай калганда 500 адамдан турган тартуучу топ жалаң визуалдык эффекттер менен иштешкен.
КИНГ КОНГДУН ЖАРАЛЫШЫ
Тасманын башкаарманы, албетте, Кинг Конг. Анын дизайнын Гас Хантер деген адам жасаган. “Кинг Конг башка гориллалардай эле, ошол эле убакытта өзүнө гана тиешелүү сапаттарга ээ болушу керек эле,- дейт режиссёр,- ошондуктан, биз анын кыял-жоругуна көп көңүл бурдук”.
Кинг Конгдун кейпин жасоо үчүн 2 компьютердик, 2 колго жасалган макет, ошондой эле атайын кинодо колдонулуучу “WETA Digital” программасынын ыкмасы колдонулган. Компьютердик макеттер көбүнчө жалпы көрүнүштөрдө колдонулган. Ал эми колго жасалган макеттер жакындан тартылган эпизоддордо керек болгон. Бул макеттерде Кинг Конгдун көздөрү, анын денесиндеги ар бир түк кылдаттык менен жасалган. Горилланын астыңкы сынык жаагы жана динозаврлар менен согуштардан калган тырыктары да эске алынган.
“WETA Digital” программасы боюнча горилланын кыймыл-аракетин атайын костюм кийген актёр аткарат. Костюм электрондук зымдар менен компьютерге байланган да, анимациялык горилла компьютер аркылуу актёрдун ар бир кыймылын кайталап турат. Актёр Энди Серкис гориллалардын кыймыл-аракетин, жүрүш-турушун изилдөө үчүн 2 ай зоопаркта жаныбарлардын жанында жашап келген.
Конгдун эмоцияларын да так берүү үчүн актёрдун бетине компьютерге туташтырылган 132 атайын маркер бекитилген. Актёр жылмайып же жини келсе, программанын негизинде компьютердеги горилла анын ар бир кыймылын кайталап турат.
БАШСӨӨК АРАЛЫ
Башкаармандан сырткары анын жашаган жерин да жасап чыгуу керек эле. Туземдердин жашаган жайы менен жапайы жунглини толук бойдон жасап чыгууга 600 жумушчунун эмгеги талап кылынган. Тасманын акыркы вариантына 50 түрдүү динозаврлардын 15и гана кирген. Алардын арасында илимий китептерден алынган динозаврлар да, ойдон чыгарылган динозаврлар да болгон. Мисалы, тасманын визуалдык эффекттерин даярдаган “WETA” компаниясынын атынан аталган ветазаврлар, учуучу кескелдириктер жана миң тиштүү жырткыч курттар эч бир энциклопедияда жок.
ӨТКӨН ЧАККА КАЙРЫЛУУ: 1933-ЖЫЛДАГЫ НЬЮ-ЙОРК
Тасмада эски Нью-Йоркту тартуу үчүн шаардын ошол жылдардагы фотосүрөттөрү жана видеотасмалары колдонулган. Көчөлөрдүн аттарына жана ар кандай жол белгилердин өңүнө чейин көңүл бурган режиссёр тарыхчылардын жардамын пайдаланган. Негизги эпизоддор тартылган «Times Square» аянтын, имараттарды, атактуу “Эмпайр Стейт Билдинг” соода жана бизнес борборун 75 жыл мурункудай кылып жасашкан. Шаардын жалпы көрүнүшүн тартуу үчүн компьютердик графиканы же кичинекей макеттерди колдонушкан.
Мындан сырткары, шаардагы “аба-ырайы” үчүн атайын дайындалган топ жооп берип турган. Башкача айтканда, алар кинодогу күндүн батышы жана чыгышы, кар жана туман сыяктуу жасалма табигый көрүнүштөрдү даярдап турушкан.
ДУБЛЁРЛОР
Тасмадагы кооптуу трюктарды аткаруу үчүн продюсерлер 20 дублёрду жалдашкан. Алардын үчөө башкаарман Эннди алмаштырып турушкан. Чыныгы горилланын колунда болбосо да 3 метрлик макеттин колуна байланып ары-бери учуп жүрүү да оңойго турган эмес. Бул эпизоддордо эч нерсе байкалбаш үчүн дублёрго актрисанын жүзүнө окшош жасалган беткап кийгизип, чач тагып коюшкан.
ИРИ МАСШТАБДАГЫ ТАСМА
АКШ, Германия жана Жаңы Зеландия. Ушул үч мамлекеттин күчү менен тартылган тасманын бет ачары 2005-жылдын 14-декабрына белгиленген. Тартууга кеткен жалпы бюджет 207 миллион долларды түзүп, “Титаник” койгон рекордду (200 миллион доллар) бузду. Экранга чыккан жаңы тасма күйөрмандарга жагып, режиссёр сынчылар тарабынан жакшы сөздөрдү укканга жетишти. Театрлардан түшкөн 560 миллион доллар менен DVDлердин сатылуусунан табылган 100 миллион доллар чыгашаны жапмак турсун, тартуучу топко өтө жакшы гонорар алып келди.
«КИНГ КОНГДУН» СЫЙЛЫКТАРЫ
Тасманын ийгилигин акча менен гана эсептеп коюш туура эмес. Питер Жексондун тасмасы көптөгөн сыйлыктарга да ээ болгон. “МТV-Россия” бул фильмге “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма”, “Британиялык академия” – “Эң мыкты визуалдык эффекттер”, “Алтын глобус” – “Эң мыкты режиссёр” деген номинациялары боюнча сыйлыктарын тапшырышкан. Албетте, тасма “Оскардан” да куру калган жок: “Эң мыкты үн”, “Эң мыкты монтаж” жана “Эң мыкты атайын эффекттер” номинацияларында “Кинг-Конг” жеңүүчү деп аныкталган.
КИНО ТУУРАЛУУ КИНО
Питер Жексон “кино тартуу деген эмне экенин эл билсин” деген максат менен “Кинг Конгду” тартуу процессин камерага тартып алып, интернет аркылуу калкка көрсөтүп турууну чечкен. Күн сайын “Кинг Конг” тасмасынын расмий сайтында каалагандар тасманын тартылышы жөнүндө 4-5 мүнөттүк маалымат ала алат эле. Тасма экранга чыккандан кийин бир топ маалымат чогултканга үлгүргөн бул документалдык фильм “Күндөлүк” деген аталыш менен “Кинг Конгдун” ар бир DVDсине кошумча болуп сатылган.
Даярдаган Бегайым Мусакеева