Армандуу ырлары менен күйөрмандарынын жүрөгүн толкуткан ырчы Роза Шакирова балканактай уулдуу болду. 11-ноябрдан 12сине караган түнү №4 төрөт үйүнө барган ырчы 12-ноябрда түшкү саат 11де көз жарды. Бала 4 килограмм 150 грамм салмакта төрөлдү. Жолдошу төрөт учурунда Розанын жанында болгон. Сүйүнүчү коюнуна батпаган ырчы жолдошу менен кеңешип, ымыркайга Руслан деген атты ыйгарганы жатышат. Учурда эне-баланын ден соолуктары жакшы.