“Боз салкын” тасмасы менен таанылган актриса жана ырчы Асема Токтобекова дагы бир өнөр боюнча өзүн сынап көрүүдө. Ал “Адашкандар” аттуу повесть боюнча кыска метраждуу фильм тартып бүттү. Жаш режиссёр тасманы борбордо жана борбордун четиндеги айылдардын биринде тартты. Кинорежиссёрлуктун сырларын Эрнест Абдыжапаровдон үйрөнгөн Асема тасмадагы башкы каармандын ролун өзү жаратат.