Ырчы Бегимай Эсенгулова кичи мекени Каракол шаарында алты жашына чейин жашаган. Бишкекке көчүп келгени кичи мекенине бир да жолу каттабаган ырчы эми тушоо кесүү концертин аталган шаарда бергени жатат. Концертке чейин ырчы сахнада ырдагысы келгендер үчүн атайын кастинг өткөрөт. Кастингден өткөндөр Бегимай менен чогуу концертинде ырдашат.