Сахнадагы өмүрүнүн 15 жылдыгын белгилеген төкмө акын Элмирбек Иманалиев жакында эле күйөрмандарына жеке концертин тартуулады. Концерттин аягында төкмө акынга Аалы Токомбаев атындагы сыйлык, Рамис Рыскулов атындагы №1 диплом тапшырылды. Андан сырткары, манас айткандыгы үчүн “Манас 1000” дирекциясы дагы бир диплом ыйгарды.