Канатбек Бегалиев кыздуу болду

Элибиздин сыймыгы болгон балбаныбыз Канатбек Бегалиевдин учурда кубанычтан маңдайы жаркып турган кези. Ага сүйүктүү жары Айпери өзгөчө белек тартуулап, дагы бир кыз төрөп берди.
Эгерде Канатбектин тун кызы Камиланын атын балбандын Тариэл деген байкеси коюп берген болсо, бул жолу Азизанын атын Канатбектин Талас аттуу байкеси койду. Азиза 7-ноябрь – майрам күнү жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу: “Үстүбүздөгү жыл эң жакшы жылдардан болду. Олимпиададагы жараткан ийгилигимден кийин эми минтип дагы бир кыздуу болдум. Мен башынан эле көп балалуу болууну максат кылып келем. Буюрса, Айпери дагы бир кыз төрөп берсе, анан план боюнча эркек балалуу болсок дейм. Келинчегиме Кудай ден соолук берсин. Кеминде 6 балалуу болсом дейм. Негизи эле машинама балдарым менен толуп алып жүрсөм сонун да” ,- дейт кубанычын жашырбаган балбаныбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан