Алмазбек Раимкуловдун бата тою өткөрүлдү

Өткөн айдын аягында профессионалдык рингде кыргыздын намысын коргоп жүргөн жалгыз мушкерибиз Алмазбек Раимкуловдун бата тою болуп өттү.  
Буга чейин мушкерибиздин бойдокчулук менен кош айтышып, Динара аттуу кыз менен баш кошкондугу тууралуу кабар берген элек. Ошондо аталган эки жаштын тою август айында Лас-Вегаста Алмазбектин ата-энесинин жана досторунун гана коштоосунда тар чөйрөдө өткөн эле. Эми Алмазбек менен Динаранын баш кошконун жалпы туугандары менен айылдаштары той өткөрүп майрамдашты. Бул тууралуу Алмазбек Раимкулов интернет аркылуу төмөнкүлөрдү айтып берди: “Биздин бул жактагы тоюбузга, тилекке каршы, бардык туугандарыбыз күбө боло алышкан эмес. Андыктан, 26-октябрда менин туугандарым Динаранын Куршабдагы ата-энесинин үйүнө барып, бата той өткөрүштү. Тойго туугандарыбыздан тышкары айылдаштарыбыз да күбө болуп, аксакалдар өз баталарын беришти. Бул чакан майрам кечинде ыр-бий менен уланып, кадимкидей кечеге айланды. Бирок, кыз-күйөө болгон жок. Тоюбуз кадимкидей салттар менен коштолду. Туугандарыбыз бири-бирине кийит кийгизип дегендей... Кыскасы, Динара экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздү жалпы эл угуп-билип, өз баталарын беришти. Албетте, биз алыста болсок да, уюлдук байланыш аркылуу бул тойго катышып, каалоо-тилектерди угуп отурдук”.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-10-31 13:20:31
Онлайн той болгон турбайбы.
0
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан