Ырчы жигиттер арасында узун чачты модага айланткан Мерген Тургандын учурда сүйүнүчү коюнуна батпай турган кези. Кыркка чыккан ырчынын уулу 19-ноябрда түшкү саат эки жарымда борбордогу №4 төрөтканада 3 килограмм 600 грамм салмакта төрөлдү. Ымыркайга чоң энеси белгилүү маркум спортчу Раатбек Санатбаевдин ысмын да кошуп, Ханраат деп ат койду.