Сулуу жүзү, назик үнү менен жигиттердин жүрөгүн чырмап алган ырчы Бактыгүл Бадыева “Кайгырбайм” аттуу ырына клип тартканы жатат. Ырчы клипке шыңга бойлуу, ак жуумал, өң-келбетүү эки жигит издеген эле. Учурда жигиттердин бирин таап экинчисин ага окшоштуруп издеп жүрөт. Клип Бактыгүлдү эки жигиттин бири катуу сүйүп ал үчүн баарына даяр экенин далилдөө менен аяктайт.