Ак-Талаанын сулуусу ырчы Гүланда “жаштыгымды текке кетирбей иштеп алайын” деген негизде бир эле учурда чач тарачкананын кожейкеси, ырчы болуу менен катар чек ара кызматына жумушка орношту. Тактап айтканда, аталган кызматтын алдындагы ансамблде солист болуп иштегенине үч айдын жүзү болду. Ырчынын айтымында, Гүланда бул жерден жакында сержант наамын алат экен.