Жаштардын сүйүктүү ырчысы Сема жакында кичинесиндеги экинчи үйү болгон Кара-Кулжадагы Крупская атындагы бала бакчага барып келди. Бала бакчаны көргөнүнө жетине албаган Сема элибизге төбөсү көрүнүп калган ырчылардын баары колдон өткөрүп, ыйык санашып келген микрофонду белек кылды. Баса, ырчынын жаңылыгы бул гана эмес. Айтылуу Ат-Башынын атактуу мергенчиси белек кылган 1000 долларлык күчүгүн короосунан уурдатып жиберди. Уурдалган күчүгүнө ичи ачышкан Сема тапкан адамга сүйүнчү берерин кабарлап жаткан учуру.