Татына жүзү менен жигиттерди суктанткан Ысык-Көлдүн ак куусу Кундуз Канатбек кызынын ырлары азыр күйөрмандарынын көңүл борборунда. Ырчылыктан сырткары да тил үйрөнүүгө кызыккан Кундуз учурда англис тилин үйрөнүү менен алек. Жумасына беш жолу 1 саат 20 мүнөттөн англис курсуна барып жаткан ырчынын максаты – чет өлкөлөрдү кыдыруу.