Каармандарынын сөздөрү лакапка, ал эми ырлары түбөлүктүү хиттерге айланган тасманы кантип советтик комедия шедеврлеринин катарына кошпой коёсуң? Бардыгыбыз сүйүп көргөн “Бриллиант кол” тасмасы билинбей эле 40 жашка толуп калыптыр...
Режиссёру – Леонид Гайдай
Оператору – Игорь Черных
Композитору – Александр Зацепин
Сценарийин жазгандар – Морис Слободской, Яков Костюковский, Леонид Гайдай
Ролдордо: Юрий Никулин, Нина Гребешкова, Андрей Миронов, Анатолий Папанов, Станислав Чекан, Владимир Гуляев, Нонна Мордюкова, Светлана Светличная, Роман Филиппов, Григорий Шпигель жана башкалар.
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Жөнөкөй, чынчыл, эмгекчил, бир сөз менен айтканда, кадимки совет адамы Семён Семёнович Горбунков капысынан контрабандисттердин кылмыш ишине аралаша кетет. Чет өлкөгө туристтик сапарга барып, көчөдө баратып капысынан тайып кетет да, “шайтан алгыр!” деп жинденип алат. “Шайтан алгыр” бул – кылмышкерлердин сыр сөзү жана өтө маанилүү кылмыш операциясынын башталышы экенин байкуш Горбунков кайдан билсин? Кыскасын айтканда, Горбунков “жыгылат, эсин жоготот, ойгонсо, гипс”...
АТАЙЫН НИКУЛИН ҮЧҮН ЖАЗЫЛГАН СЦЕНАРИЙ
Советтик кинематографиянын тарыхындагы эң мыкты жана эң албан ийгиликтерге жетишкен кинокомедиялар режиссёр Леонид Гайдайга тиешелүү экени талашсыз. Убакыт өтсө да көрүүчүлөрдүн эсинде калган комедиялары менен бирге режиссёр унутулгус жана кайталангыс образдарды да жараткан. Трус, Балбес, Бывалый деген ажырагыс үч образ жана чыныгы совет адамы, студент Шурик – Гайдайдын дээрлик бардык фильмдерине катышкан. Көрсө, атактуу “Кавказ туткуну” тасмасы тартылып жатканда эле режиссёр булардан бир аз тажагансып калган экен.
Кийинки шедеврин, “Бриллиант кол” тасмасын жаратаарда Гайдай бул долбоорго түздөн-түз сүйүктүү актёру Юрий Никулин катышаарын эртеден эле чечип койгон. Жаңы тасманын сценарийин режиссёр ошол кездеги кыйын киносценаристтер Морис Слободской менен Яков Костюковскийге тапшырган. Жазуучулар сценарийдеги эпизоддорду, диалогдорду атайын башкы ролдогу Никулинге чактап, ылайыктап жазышкан экен.
БОЛГОН ОКУЯНЫ ТАРТЫШКАН
Рубрикабыздын өткөн чыгарылыштарында “Кавказ туткуну” фильми чыныгы окуяга таянып тартылганын жазган элек. Гайдайдын “Бриллиант колу” да жашоодо болуп өткөн бир көрүнүштүн негизинде тартылган тасма. Ошол кездерде “За рубежом” аттуу гезит жарык көрчү экен. Бир жолу режиссёр ошол гезиттин жаңы санын окуп жатканда анын көңүлү Альпыда болуп өткөн кызыктуу окуяга түшөт. “Кылмышкерлер чет өлкөгө баалуу таштарды гипске ороп өткөрүүнү чечишкен” деп жазылган эле макалада. Режиссёр “мынакей, жаңы тасма!” деп дароо эле бул криминалдуу окуяны комедия кылып тартууну чечкен.
Албетте, гезиттеги макала фильмдин өзөгүн гана түзгөн. Ал эми сценарийди толугу менен иштеп чыгыш керек эле. Болбосо, ансыз деле криминалды жаба албай турган мезгилде мындай массалык фильмдин тартылышына оңой эле жол берилмек эместиги баарына белгилүү болчу. Жогорудагылар Гайдайдын бул идеясын көп деле ойлонбостон колдоп беришкен да, 1968-жылдын 3-январында съёмкалар башталган. Гайдай өзү айткандай, “мунун эки себеби бар: же чоңдор мага аябай ишенишкен, же Жаңы Жылдан кийин алардын катуу ойлонгонго шайлары жок эле”.
“ЖАРАБАЙТ! ЖАРАБАЙТ! ЖАРАБАЙТ!”
Бирок, эмнегедир даяр тасма советтик көркөм кеңешти кубандырган жок. “Миронов кыйшаңдап эле атат”, “Мордюкованын тамашалары окшошкон жок”, “Светличная бул тасма үчүн өтө эле сулуу”, “Папановду мындан жакшы деп элестеткенбиз”, “Никулин дагы жакшы ойносо болот эле, жарабайт!” деп эле асылып туруп алышты. Көркөм кеңештин иши ушул – өзгөнүн чыгармачылыгын кемсинтүү, режиссёрдун бардык жаңы идеяларына, жаңы ойлоруна чек коюу. Гайдай мындай нерсеге даяр эле. Ал бир гана чечимге келди – “эч кимдин ордун алмаштырбайм, эч нерсени өзгөртпөйм!” Көркөм кеңештин чогулушунан кийин тасмалардын кайда бараары белгилүү – чиновниктерге, дачага. Гайдай тобокел кылып дачага жибериле турган тасманы көркөм кеңештин сөзүнө карабай салып жиберген. Бир канча убакыттан кийин көркөм кеңеш Гайдайдын ойлоп тапкычтыгын, талантын мактап жаткан эле. Себеби, тасма эң негизги сынчы болгон өлкө башчыларына жаккан.
ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛГЕН ФИЛЬМ
Мына быйыл 40 жашка чыккан “Бриллиант кол” комедиясы учурунда чоң ийгиликке жеткен. Совет көрүүчүлөрүнүн берген жоопторуна караганда, тасма «1969-жылдын эң мыкты долбоору» деп эсептелген. Прокаттын лидери болгон тасманы биринчи эле жылы дээрлик 77 миллион адам көргөн. Ошол жылы “Комсомольская правда” гезити жүргүзгөн сурак боюнча да, 1995-жылы “РТР” каналы жүргүзгөн статистика боюнча да тасма көрүүчүлөр тарабынан сүймөнчүк фильм катары аныкталган.
Козодоевдин ролун аткарган Андрей Миронов үчүн тасма өзгөчө баалуу. Анын ордуна Гайдай алгач Григорий Вицинди алмак. Бирок, “Вицин менен Никулин бир тасмада кайрадан көнүмүш атмосфераны жаратышы мүмкүн” деген ой менен режиссёр ошол кездеги эч кимге тааныла элек жаш актёрду чакырат. Советтик гезиттерде “тагдыр Мироновго “бриллиант колун” созду” деген баш сөз менен макалалар чыккан эле.
СЦЕНАРИЙДЕ ЖАЗЫЛБАГАН ЭПИЗОДДОР
“Бриллиант колдо” Никулиндин уулу Максим тартылганын көпчүлүк билбесе керек. Максимге берилген кичинекей роль – “суу үстүндө баскан” балакай. Эпизоддун 10-дублинде актёр Миронов күтүүсүздөн Максимди көчүккө тээп жиберет. Андай нерсе сценарийде жок эле. Бирок, тасманын акыркы вариантына так ошол акыркы дублин тандашкан.
Акыркы көрүнүштөрдүн биринде Горбунковдун башына крандын илмеги тийип кетет. Бул кокустук тасма үчүн дагы бир жагымдуу көрүнүш болсо, актёр Никулин үчүн анча сүйүнөөрлүк болгон эмес. Анткени, илмектин соккусу актёрдун мээсинин козголушуна алып келген.
КЫЗЫКТУУСУ...
Тасма туура 100 мүнөткө созулат.
Анна Сергеевнанын (Светлана Светличная) ырын (“Помоги мне”) “Кавказ туткунундагы” «Аюулар жөнүндө ырды» ырдаган Аида Ведищева аткарган.
Фильмде Никулиндин бүт үйбүлөсү тартылган: аялы – экскурсоводдун, уулу жогоруда айтылгандай, балыкчы баланын ролун аткарышкан.
Тартуучу топтун гонорарлары төмөнкүдөй эле: Л. Гайдай – 4 949, Ю. Никулин – 5 188, Н. Гребешкова – 792, А. Миронов – 1 920, А. Папанов – 2 288, С.Светличная – 346, Н. Мордюкова – 1 531 рубль.
Тасманын эң акыркы вариантын тапшырып жатканда Гайдай бир куулукка барган. Ал соңку эпизодго (сынчылардын көңүлүн буруш үчүн) атом бомбасынын жарылышын кошуп койгон. Мындайды көргөндө көркөм кеңеш чалкасынан кеткен да, эпизодду алып ташташкан. А бирок, режиссёр өзү күткөндөй эле башка эпизоддорго тийишишкен эмес.
Режиссёр Леонид Гайдайды да тасмада көрүүгө болот. Ал кечинде милиция салып кетип жаткан мастын ролун аткарган.
Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева