Жакында Спорт Ордосунда «Улуттук Хит-парад» долбоорунун жыйынтыктоочу концерти өткөрүлгөнү жатат. Долбоордун жетекчиси Динара Эсенгулованын айтымында, бул жолу жылдыздар күйөрмандарына кол тамга берип, кызыл килемден шашпай өтүшмөкчү. Концерт башталарда Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Катышуучулардын машиналары гана пропуск менен өткөрүлмөкчү.